Этика — бул жөн гана айтылган сөз эмес

Жашоодо эч нерсе жөндөн жөн эле, кокустан боло бербейт. Буга канча жолу өз жашообузда күбө болдук. Мына бүгүн да кыргыз гезиттерин карап чыгып жатып, аты баарыбызга таанымал болгон гезитибиздин бири (атын атабаганым, гезиттин душмандары мына Марат ал гезитти өзү атаптыр деп, ал гезитке каршы бир нерсе жасап ийбесин дегеним) этикалык норманы одоно түрдө бузган фактыны көрүп алып кейип кеттим. Анда зордукталган 5 жашар кыздын бети жашырылбай түшкөн эки сүрөтү бакырайтып жарыяланыптыр. Энесинин да сүрөтү жүрөт. Энеси го макул, чоң киши. Журналисттер кыздын келечегин ойлоп коюшпайбы! Кызды тааныгандар, өзгөчө, жакшы-жаманды али жакшы айырмалай элек жаш балдар, кызды келекелебейт, щылдындабайт деп ким кепилдик бере алат! Мындай кордоолорго тушуккан кыздын психикасы оң болобу? Ансыз да айбанчылыктын курмандыгы болду. КР журналисттеринин этикалык кодексинде балдарга байланыштуу теманы өтө этиятык менен чагылдыруу керектиги жөн жеринен эскертилбеген эмес да. 12-пунктта мындай деп жазылган:

Толугу менен

Кыргыз ЖМКлары жана этикалык нормалар

«Медиа Консалт» уюму жакында 16 кыргызстандык гезиттерди (12 — кыргыз тилинде, 4 — орус тилинде) жана 10 интернет-басылмаларды (7 биздин өлкөдө, 3 чет жерде жайгашкан ) 3 ай серепке алышып, этикалык стандарттардын сакталышына байкоо жүргүзүптүр. Анын жыйынтыктарын анализдеп, тыянак чыгарышыптыр.

Толугу менен