“Дем” сайты мыкты Элдик кабарчыларга сынак жарыялайт

demsynak

“Дем” сайтына такай мыкты жаңылыктарды жарыялап келген 3 элдик кабарчыга сынак жарыяланат.

Сайтка кесибине, улутуна, жашаган жерине карабай каалаган адам жаза алат. Мыкты Элдик кабарчыларды аныктоодо төмөнкү нерселерге басым кылынат:

Толугу менен

Белгилүү кыргыз журналисти жардамга муктаж

k_arykbaev

Кыргыз журналистикасында көп жылдан бери эмгектенип келген, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, кезинде «Аалам», «Агым», «Назар», «Айгай» гезиттерин жетектеген кесиптешибиз журналист Кенжебек Арыкбаев учурда альвеококк эктомии жана гепатит «С» дартына байланыштуу жардамга муктаж болууда.

Толугу менен

Ишенбай Абдуразаков агайдан ачуу сөздөр

Ишенбей Абдуразаков агайдын «Жаңы Агымга» берген интервьюсун толугу менен цитаталагың келет:

Кыргыздардын психологиясында «өзүбүздүн бала» деген көнүмүш бар. Өзүбүздүн баланы коргоп алалы дешет. Бул туура, атадан калган салт. Бирок акыйкаттык, чындык үчүн, эл үчүн чындап күрөшүп жатып адам кор болсо мындай адамдарды эл колдогон. Азыр болсо жердешибиз, тууганыбыз экен кандай болсо да коргоп калалы деген бизде өнөкөт болуп кетти.

Толугу менен

Качан акылдуу болобуз?

Байыркы грек философу Гераклит айтты эле:  «Нельзя дважды войти в одну реку». Биз болсо койбойт экенбиз аракетибизди. Керек болсо, андан да ашып кеттик го.  Улам эле тырмоокту басып, башыбызды көгөртүп жүрөбүз. Дагы да көгөртөлү деп жатабызбы?

Толугу менен

ПРЕСС…а-а-а!

Сүрөттүн автору Руслан Валитов

«Атажуртчулардын» митингин чагылдырып жүргөн 24.KG маалымат агенттигинин журналистин Дарья Подольскаяны митингчи аялдардын бири ур-токмокко алыптыр. Агенттиктин айтымында, ал аял эч нерсе түшүндүрбөстөн, жөндөн жөн эле сабап кирген экен.

Толугу менен