Эмне кылуу керек? Журналисттердин коопсуздугу боюнча

Сүрөттү тарткан Талант Шамшиев

Бүгүн журналисттердин коопсуздук маселеси боюнча ИМП уюштурган тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү — ага дээрлик бардык укук коргоо органдарынын «чечим кабыл алуучу» деңгээлиндеги өкүлдөрүнүн катышкандыгы болду. Буга уюштуруу иштерине Президенттик администрациянын жана өкмөт аппаратынын катышкандыгы себеп болду окшойт.

Толугу менен

Нааразылык акциядан кийинки ойлор

Журналисттердин кечээки нааразылык акциясы боюнча айта турган создөрүм бар эле. Бул акцияда мени кубандырганы, журналисттер ЖМКнын тилине карабай тилектештик билдирип, бири-бирин колдоп чогуу чыкканы болду. Анткени акыркы кезде, орус тилдүү журналисттер менен кыргыз тилдүү журналисттердин ортосундагы ажырым, бири-бирин жерүү, кабылдабагандык өсүп кеткенсиген эле. Бардыгы аралаш жүрдү. Бул жакшы жышаан.

Толугу менен

Тилектештикти билдирүүгө!

Бүгүн саат 11:00дө Жогорку Кеңештин алдына журналисттер нааразычылык акцияга чыгышат. Митингге чыгууга айрым депутаттардын НТС телеканалынын кабарчыларына терс мамилеси жана журналисттердин өз ишин алып баруусуна жолтоо кылуусу себеп болду.

Толугу менен

ЖМКлар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы

Cүрөттүн автору Азамат Кыязов

Жыл өткөн сайын ЖМКлар менен күрөшүүнүн ыкмалары да уламдан улам жаңырууда. Азыр журналистти коркутуп, үркүтүп, уруп, сабабай эле, ЖМК менен соттошпой эле, алардын ишинин натыйжалуулугун жокко чыгаруунун дагы бир жолун табышкансыйт.

Толугу менен