Басма сөз күнүнө карата сынак жарыяланат

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата Кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынак жарыялайт!

Толугу менен

Түгөлбай Казаков — 2013-жылдын мыкты журналисти

t_kazakovКечээ, 9-декабрда, кыргыздын белгилүү журналисти, жаңы эгемен кыргыз журналистикасынын башатында турган Мелис Эшимкановдун туулган күнүнө карата анын атындагы Фонд жылдын Мыкты журналистинин атын атады. Бул наам Түгөлбай Казаковго берилди!

Эсенбай Нурушев агайыбыз айткандай, «Түгөлбай Казаков башынан эле журналистикага жаралган адам. Ортодо адашып музыка дүйнөсүнө кирип кетти эле, бирок баары бир журналисткага кайтып келди», — деп. Эрге алтымыш өнөр аздык кылат деген сыңары, Түгөлбай байке бардык жерде өз талантын көрсөтө алды. Музыка ааламында кыргыздын эсинде дайым сакталып калаар шедевр чыгармаларды жаратты. Журналистикада да эч кимге окшобогон өз жолу бар, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө зор салым сала алды жана да салып келет. Сыйлыгыңар кут болсун, агай!!!

Толугу менен

Республиканский Конкурс на лучшее освещение темы корпоративной социальной ответственности в СМИ Кыргызстана