Category Archives: Жарыя
Басма сөз күнүнө карата сынак жарыяланат
“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата Кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынак жарыялайт!
Кош болуңуз, Таир ака
Ошко иштер менен барып калганда Таир ака менен сөзсүз жолугушуп кеткенге аракет кылар элем. Качан гана болбосун, кандай гана кырдаал болбосун өзүн бир калыпта кармап, жылмайып гана турган Таир ака менен аз да болсо баарлашып алганыңда анын токтоолугу, сабырдуулугу, позитивдүүлүгү сага да өткөнсүйт эле.
Бул адам өз кесибинин мыкты чебери болчу. Бирок ошол эле кезде ал өзүн өтө жөнөкөй кармачу. Менменсинбечи. Тең кармачу. Бул анын Улуулугун, Акылмандыгын күбөлөчү! Акылман адам канчалык улук болсо, ал ошончолук өзүн пас кармайт эмеспи.
“Кош” деп айтуу кандай оор. Бирок айтпаска да айла жок. Жаткан жериңиз жайлуу болсун! Топурагыңыз торко болсун! Сиз дайым биз мененсиз!
WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг
Бүгүн интернетте өзүнүн сайтын же блогун ачкысы келгендердин саны улам өсүп барат. Сайт – бул жашоодогу көрүнүштөр боюнча ойлоруң, же чыгармачылыгың (ырларбы, сүрөтбү) менен кеңири журтчулук менен бөлүшкөнгө жакшы шарт түзүп берет. Бирок мындайда сайтты каякта ачсам, аны ачыш үчүн эмне кылыш керек, материалдарды кантип жайгаштырам деген ж.б.д.у.с. көптөгөн суроолор пайда болот.
Мен WordPress мазмун башкаруу системасын (СМS) сунуштайм.
SCOOP – Орто Азия иликтөөчү журналисттерди колдойт
Урматтуу журналисттер! SCOOP – Орто Азия, журналисттик иликтөө жүргүзгөндөргө колдо көрсөтөт! SCOOP бул иликтөөчу журналисттерге жардам берип, алардын иштерине колдоо көрсөткөн уюм. Уюм жөнүндө кенен маалыматты http://www.i-scoop.org/ сайтынан таба аласыңар.
“Полит Клиника” журналисттерди издөөдө
Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар
Журналисттик кесип такай жаңы нерсеге үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлин жогорулатып турууну талап кылат. Кеминде дегенде журналист катары өскүсү келгендерге. Бирок Кыргызстанда бул жааттагы окутуулар башаламан өткөрүлүп жаткандай мамиле калтырат. Буга ар кайсы уюмдар мезгил талабы боюнча өз түшүнүгүнө, тапкан донордук каражаттарына жараша окутууларды уюштуруп жатканына байланыштуу. Кээ бирде эки башка уюм бир учурда окшош окутууларды өткөрүп калганы кездешет. Ар кайсы окутуулар ар башка жерлерде уюштурулуп турганы да журналисттерди алагды кылат.
КТРКнын берүүлөрү youtube да
Коомдук каналдын айрым берүүлөрү белгилүү YouTube кызматына чыгарыла баштаптыр. Бул, менимче, жакшы нерсе. КТРК интернет колдонуучулардын арасынан да өз көрөрмандарын таба баштайт.
Мисалы, бул КТРКнын 17-октябрдагы 17:00дөгү жаңылыктары:
КТРКнын YouTube кызматындагы баракчасы.
“Дем” дем ала баштады
Көптөн бери күткөн күнүбүз да келди. “Дем” сайты тесттик режимде иштей баштады. Алгачкы ЖМКлар өз материалдарын жайгаштыра башташты.
171
Блогубуздун “Кыргызча сайттар” барагындагы кыргыз тилдүү веб-булактардын саны 171ке жетти!