Сурамжылоо

Басма сөз күнүнө карата сынак жарыяланат

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата Кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынак жарыялайт!

Толугу менен

Марат Токоев, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы: “Биздин “dem.kg” сайтыбыз окурмандардын да, ЖМКлардын да керегине жарайт деген ойдобуз”

tokoevdem

Кыргызстандын маалымат айдыңында ачылганына аз да болсо, эл оозуна алынып калган “dem.kg” аттуу сайт бар. Бул сайт башында республикадагы өздүк сайты жок жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачылып, кийин сайты барлары да маалыматтарын коё башташты. Себеби, “dem.kg” интернет аркылуу дагы жаңы окурмандарды табууга жардамчы болууда. Биз аталган сайт тууралуу, сайттын негиздөөчүсү, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевди кепке тарттык.

—Марат мырза, сиздин демилгеңиз менен түзүлгөн “dem.kg” сайты туурасында маалымат бере кетсеңиз, эмне максатты көздөйт? Толугу менен

“Дем” сайты мыкты Элдик кабарчыларга сынак жарыялайт

demsynak

“Дем” сайтына такай мыкты жаңылыктарды жарыялап келген 3 элдик кабарчыга сынак жарыяланат.

Сайтка кесибине, улутуна, жашаган жерине карабай каалаган адам жаза алат. Мыкты Элдик кабарчыларды аныктоодо төмөнкү нерселерге басым кылынат:

Толугу менен

Элдик жаңылыктар

Интернеттин өнүгүшү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) иш алып баруусу да кескин өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бул сайт баракчаларында элдик жаңылыктарга да орун бере башталганынан байкасак болот.

ЖМКда журналисттер канчалык көп болбосун, баары бир ал элдин санынан бир кыйла аз, эл билген, уккан, көргөн нерселердин баардыгын биле бербейт. Ошону үчүн интернет чыкканга чейин эле, элден түшкөн жаңылыктарга ЖМКлар өзгөчө көңүл буруп келген. Айрымдары кесипкөй журналисттик макалага өзөк болсо, айрымдарын «Окурмандарыбыздын каттарынан» деген сыяктуу рубрикаларда басып чыгарып турушар эле. Бирок кандай күн болгондо да негизги басым журналисттик макалага жасалган. Дээрлик жападан жалгыз жаңылык жаратуучу — журналист болчу.

Толугу менен

Кош болуңуз, Таир ака

Таир ака. Марс Тулегеновдун фейсбуктагы баракчасынан алынды

Таир ака.
Марс Тулегеновдун фейсбуктагы баракчасынан алынды

Ошко иштер менен барып калганда Таир ака менен сөзсүз жолугушуп кеткенге аракет кылар элем. Качан гана болбосун, кандай гана кырдаал болбосун өзүн бир калыпта кармап, жылмайып гана турган Таир ака менен аз да болсо баарлашып алганыңда анын токтоолугу, сабырдуулугу, позитивдүүлүгү сага да өткөнсүйт эле.

Бул адам өз кесибинин мыкты чебери болчу. Бирок ошол эле кезде ал өзүн өтө жөнөкөй кармачу. Менменсинбечи. Тең кармачу. Бул анын Улуулугун, Акылмандыгын күбөлөчү! Акылман адам канчалык улук болсо, ал ошончолук өзүн пас кармайт эмеспи.

«Кош» деп айтуу кандай оор. Бирок айтпаска да айла жок. Жаткан жериңиз жайлуу болсун! Топурагыңыз торко болсун! Сиз дайым биз мененсиз!

Жаш журналисттердин сайты

jj

Жаңыча иштегиси келген жаш журналисттердин сайты иштей баштады. Ал «Жаш журналист» деп аталат. Анда азырынча бейформал түрүндө иш алып барган, келечекте Минюстта каттоодон өтүүнү максат кылып жаткан жаш журналисттер тобунун иш аракеттери тууралуу жана жаш журналисттерге пайдалуу болушу мүмкүн маалыматтар жарыяланып турат. Мисалы, сайттан жакындан баштап ишке ашырыла баштаган «Устат-шакирт» аталышындагы окутуу-тарбиялоо системасы, ага катышкан устаттар менен шакирттер жөнүндө кенен маалыматтарды алса болот.

Токоев: Журналистикадагы стандарттарды сактоо — бул окурманды урматтоо

Мурда кесиптештерибиз бийлик тараптуу жана оппозиция тараптуу болуп эки жээке эле бөлүнсө, азыр ар бир гезит, телеканалдар ар башка атка минердин бирин көккө чыгарып, бирин жерге тебелеп, өтө эле майдаланып кетти. Жакшы өзгөрүүлөр да бар. Бирок беш кол тең эмес дегендей өзүнүн кара курсагын ойлоп абройун пастыка түшүргөн кесиптештерибиз да аз эмес. Бирок бүгүнкү күнүбүздүн оңоолуусуна, мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө журналисттер сөзсүз салым кошооруна, өз таасирлерин тийгизе алаарына ишеним чоң. Ошондуктан алардын пикирлери «Кабар Ордодон» жаңырып турат деген ойдобуз. Сөз «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевде.

Толугу менен

Салттуу ЖМКлар үчүн сайтка киргендердин санын өстүрүү боюнча тренинг өткөрүлөт

trening_sait

Эгерде сиздин жалпыга маалымдоо каражатыңыздын (гезит, теле, радио) сайты бар болсо. Бирок ага киргендердин саны өтө эле аз болуп жатса. Сайтыңызга адамдар бир кыйла көп кирип, материалдарыңыз менен кененирээк таанышып, пикирлерин билдирип турушун кааласаңыз, же болбосо, замандын талабы эмеспи деп сайт ачып алып, бирок аны кантип иштетүүнү, ЖМК менен сайт бирдиктүү организмдей иштеши үчүн эмне кылуу керектигин билбей турасыз.

Толугу менен

Ильянын сабап кетишиптир…

Сүрөт http://rus.azattyk.org/ сайтынан алынды

Сүрөт http://rus.azattyk.org/ сайтынан алынды

Илья Лукашевду сабап кетишиптир. Кечээ кечинде. Саат 10дордо. «Үйгө 150 метрдей эле калган болчу», — дейт Илья. Анын айтымында, сабагандар үчөө экен.

Толугу менен