Сайттуу болгон ЖМКлар

saitostroenie

Кудай буюрса, «ЖМК колдоо борбору» коомдук фондусу колдоо көрсөткөн «Сайты жок ЖМКларга сайт ачып берүү» аталышындагы биргелешкен долбоорубуз аягына чыгып калды. Анын максаты — сайтты ачканга кызыкдар болуп, бирок аны ачыш үчүн акча таба албай жаткан ЖМКларга сайтты бекер ачып берүү эле.

Толугу менен

Суук кабар

t_monolbaev_aza

Иш деп жүрүп бул кабарды укпай калыптырмын. Бүгүн кокустан гана угуп калдым. 16-декабрда белгилүү кыргыз журналисти, «Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редактору Талант Моңолбаев дүйнө менен коштошуптур. 52 жашында…

Не дээрди да билбейсиң. Кечээ эле, гезитинин сайты, өзүнүн жеке сайты да тууралуу сүйлөшүп, көп нерселерди пландаштырдык элек…

Топурагы торко, жаткан жери жайлуу болсун.

Түгөлбай Казаков — 2013-жылдын мыкты журналисти

t_kazakovКечээ, 9-декабрда, кыргыздын белгилүү журналисти, жаңы эгемен кыргыз журналистикасынын башатында турган Мелис Эшимкановдун туулган күнүнө карата анын атындагы Фонд жылдын Мыкты журналистинин атын атады. Бул наам Түгөлбай Казаковго берилди!

Эсенбай Нурушев агайыбыз айткандай, «Түгөлбай Казаков башынан эле журналистикага жаралган адам. Ортодо адашып музыка дүйнөсүнө кирип кетти эле, бирок баары бир журналисткага кайтып келди», — деп. Эрге алтымыш өнөр аздык кылат деген сыңары, Түгөлбай байке бардык жерде өз талантын көрсөтө алды. Музыка ааламында кыргыздын эсинде дайым сакталып калаар шедевр чыгармаларды жаратты. Журналистикада да эч кимге окшобогон өз жолу бар, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө зор салым сала алды жана да салып келет. Сыйлыгыңар кут болсун, агай!!!

Толугу менен

Белгилүү кыргыз журналисти жардамга муктаж

k_arykbaev

Кыргыз журналистикасында көп жылдан бери эмгектенип келген, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, кезинде «Аалам», «Агым», «Назар», «Айгай» гезиттерин жетектеген кесиптешибиз журналист Кенжебек Арыкбаев учурда альвеококк эктомии жана гепатит «С» дартына байланыштуу жардамга муктаж болууда.

Толугу менен

Сайты жок ЖМКларга сайт ачып беребиз

webdesign

Учурда “Журналисттер” коомдук бирикмеси “ЖМКларга колдоо көрсөтүү” коомдук фондусу менен биргеликте Кыргызстандык ЖМКлардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында сайты жок ЖМКларга сайт ачып берип, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча окутууларды жүргүзүүдө.

Каалоо билдирген ЖМКларга алардын сайты бекер жасалып берилип, кызматкерлери сайт жана социалдык тармактар менен иштөө жолдоруна үйрөтүлөт.

Мындай окутуулар Ош жана Каракол шаарларында өткөрүлүп бир катар ЖМКлардын сайттары учурда жасалып жатат.

Толугу менен

Сайт ачкысы келген ЖМКларга жардам көрсөтүлүүдө

int1

Салттуу ЖМКларга интернетти өздөштүрүүгө жардам берүү максатында «Журналисттер» коомдук бирикмеси өз сайтынын негизинде ар-бир каалоо билдирген гезитке, телеге же радиого сайт ачып берип, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүү боюнча окутууга даярдыгын билдирет. Бул аракетибизде «ЖМКларга колдоо көрсөтүү» коомдук фондусу бизге жөлөк болуп келет.

Биринчи кадамыбыз катары 5-6 октябрда Ошто жергиликтүү ЖМКлардын өкүлдөрүнө, кантип интернет алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, арттырууга өбөлгө боло алаары тууралуу окутуу уюштурдук. Бул окутууга жалпысынан 5 ЖМКнын өкүлдөрү катышышты.

Толугу менен

SCOOP — Орто Азия иликтөөчү журналисттерди колдойт

scoop

Урматтуу журналисттер! SCOOP – Орто Азия, журналисттик иликтөө жүргүзгөндөргө колдо көрсөтөт! SCOOP бул иликтөөчу журналисттерге жардам берип, алардын иштерине колдоо көрсөткөн уюм. Уюм жөнүндө кенен маалыматты http://www.i-scoop.org/ сайтынан таба аласыңар.

Толугу менен

Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар

Журналисттик кесип такай жаңы нерсеге үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлин жогорулатып турууну талап кылат. Кеминде дегенде журналист катары өскүсү келгендерге. Бирок Кыргызстанда бул жааттагы окутуулар башаламан өткөрүлүп жаткандай мамиле калтырат. Буга ар кайсы уюмдар мезгил талабы боюнча өз түшүнүгүнө, тапкан донордук каражаттарына жараша окутууларды уюштуруп жатканына байланыштуу. Кээ бирде эки башка уюм бир учурда окшош окутууларды өткөрүп калганы кездешет. Ар кайсы окутуулар ар башка жерлерде уюштурулуп турганы да журналисттерди алагды кылат.

Толугу менен

«Вечерний Бишкектин» «Кабар ордосу». Дагы бир жакшы кыргызча сайт.

Орус тилдүү «Вечерний Бишкек» гезити сайтында жайгашып келген кыргыз тилиндеги «Кабар ордо» жаңылыктар түрмөгүн өз алдынча сайтка айландырды. Учурда кыргыз тилин мамлекеттик тилге тийиштүү колдонуу деңгээлине жеткирүүнүн айланасында аркы-берки сөздөр болуп жатканда, орус тилдүү гезиттин бул кадамы — жакшы жышаан. Башкаларга өрнөк болгудай.

Толугу менен

Жаңы темалар

Өзүңөр байкагандай менин блогумдун сырткы көрүнүшү өзгөрдү. Аны менен катар сайттагы керектүү материалдарды табуу боюнча дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Мисалы, эми блогумдан  бир тилдеги гана материалдарды тандап алса болот (блогдун сол өйдө жагында). Бул http://journalist.kg сайтыбызга кошулган  жаңы 3 темага байланыштуу.

Булар өтө ийкемдүү темалардан болгондуктан, бир эле теманы колдонуу менен бир-бирине окшош эмес ар-түрдүү сайттарды жасаса болот. Бул өзгөчө бизде сайттарын ачкысы келген ЖМКларга кызыктуу болот го деген ойдомун.