Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору (2)

(Уландысы. Башы)

Кыргыз тилдүү Интернеттин өнүгүүсүнө жолтоо болгон нерселер

Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши

Элдин Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү али да чектелүү болууда. Аны шарттаган нерселердин бири – Интернет түйүнүнүн Кыргызстандын баардык аймактарына жакшы жете электигинде. Ал негизинен аймактагы шаарларга чейин гана жетип, айыл жергесинде жашагандар үчүн Интернет баягы эле “уккам, көргөм, бирок кармай элекмин” сыяктуу нерсе бойдон калууда. «Promotank HQA» компаниясы 2009-жылы жүргүзгөн изилдөөсү боюнча интернет-колдонуучулардын 77% Бишкектин тургундары. Ал эми кыргыз тилдүү калктын басымдуу бөлүгү так ошол аймактарда жашайт эмеспи. Аны менен катар борбор калаадан сырткаркы жерлердеги Интернеттин ылдамдыгы да, көбүнесе, өтө начар. Кайсы бир сайтка кирүү, почтаңды ачып каттар менен таанышуу – машакаттуу иш.

Толугу менен

Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору (1)

Аталган макаланын өзөгүн Алматыда 2011-жылы өткөн конференцияда  окулган доклад түздү. Ушуга байланыштуу айрым маалыматтар эскирип калышы мүмкүн. Бирок жалпысынан, макаладагы айтылган нерселер кыргыз тилдүү интернетке али да мүнөздүү көрүнүш.

Бир аз тарыхка кайрылуу

Кыргызстанда алгачкы компьютердик тармак (сеть) 1991-жылы уюштурулган болчу. Ал Алматыдагы RICC түйүнү аркылуу 20 абонентти тейлей алган. 1992-жылы майда RELKOM тармагынын түйүнү катары “ИМФИКО” фирмасы иштей баштаган. 1994-жылы учурдагы ири интернет-провайдерлердин катарына кирген «Элкат» менен «Азия Инфо» компаниялары негизделген. Ал эми 2009-жылы Кыргызстандагы интернет-провайдерлердин саны 40ка жеткен.

Толугу менен

Гезитиңердин сайты жокпу? Жардам беребиз!

Учурда гезиттин сайты болбосо, аны замандан артта калган басылма катары кабылдашат. Бул түшүнүктүү. Интернет кошумча окурмандарды табууга, окурмандары менен тыгыз, заманбап байланышты түзүүгө жардам берет. Кыргыз тилдүү гезиттер да акыркы кезде Интернетте өз сайтын ачууга аракет кыла башташты. Ал эмес алыскы аймактык басылмалар.

Толугу менен

Студенттердин мени кубанткан демилгеси

«Медиа көпөлөк — 2013» экинчи студенттик фестивалдын ачылышан келдим. Ачылыш аземинде кубанып отурдум — иш чаранын демилгечилери да, уюштуруучлары да студенттердин өзүлөрү экен. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери. Фестивалдын экинчи ирет өткөрүлүп жатышы, болгондо да бул жолу аталган окуу жайдын студенттерин гана камтыбастан, башка окуу жайлардын студенттерин да тарткандыгы, менимче, жакшы кабар.

Толугу менен

«Данек» эми Фейсбукта да бар

Мектеп окуучуларынын «Данек» гезитинин жаш кабарчылары тууралуу бир кезде аларга таңгалып макала жаздым эле. Алардын жанып турган көздөрүн көрүп, гезит чыгаарына, анын кызыктуу боло тургандыгына ишенген элем. Бул ишенимим дагы бекемдеди десем болот.

Толугу менен

«Новый репортер.org» сайтындагы пайдалуу китептер

«Новый репортер.org» сайтын кыдырып жүрүп бир катар пайдалуу китептерди таап алдым. Көбүн өзүбүздүн сайтка да чыгаргым келди. Бирок биз негизинен Кыргызстанда басылып чыгарылган китептерге басым кылганыбыздан бирөөсүн гана койдум.

Толугу менен

Жаңы жылдын башталышы кубантпайт

Жаңы жылды дайыма жакшы тилектер менен тособуз. Жок дегенде, өтүп жаткан жылдан бир аз жакшырак болсо экен деп. Бирок жаңы жылдын  башталышы эле бул үмүтүбүздү өчүргөндөй болду.

Толугу менен

Марат Токоев: “ДЕМ” сайтынан бир эле мезгилде кырктан ашуун гезит, сайттардын материалдарын окуса болот

Жакында Кыргызстандагы интернет айдыңында дагы бир “ДЕМ” атуу сайт пайда болду. Ал –  Кыргызстандын жашоо деми деп чечмеленет экен. Кызыгы, бул жерден 40тан ашуун басылмалардын жана интернет-сайттардын макалалары менен таанышууга болот. “ДЕМди” ача келсек, алыскы Кадамжай, Ат-Башынын райондук гезиттеринин материалдары жүрөт. Бул сайт туурасында айтып берүүсүн өтүнүп, анын демилгечиси жана редактору “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевге бир нече суроолорду узаттык.

Толугу менен

Мелис Эшимканов сыйлыгына Алым Токтомушев татыды

9-декабрда Мелис Эшимкановдун 50 жылдык мааракеси Улуттук филармонияда белгиленип, чыгаан журналист, белгилүү саясатчынын атындагы сыйлыктын алгачкы ээсинин аты аталды. Калыстар тобу 2012-жылдын мыкты журналисти деп Алым Токтомушевди тааныды. Ага атайын төш белги тагылып, 100 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

Алым Токтомушев агайды бул сыйлык менен куттуктайбыз!!!

Алым агай курч аналитикалык макалалардын гана автору эмес, ал эч кимге окшобогон өзүнүн үнү бар, чоң Акын да болуп эсептелет. Агайдын ырлары менен бул жерден таанышсаңар болот.

Кеченин өтүшү тууралуу толук маалыматты бул жерден алсаңар болот.

8-декабрда Журналисттердин республикалык конференциясы өтөт

8-декабрда Бишкекте Кыргызстан журналисттеринин “Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК): Эркиндик жана жоопкерчилик” аттуу республикалык конференциясы өткөрүлөт. Иш-чаранын уюштуруучулары: Бишкектеги Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясы, “Маалымат укугу борбору” коомдук биримдиги жана «Журналисттер» коомдук биримдиги.

Толугу менен