Мелис Эшимканов атындагы коомдук фондунун кайрылуусу


Урматтуу кесиптештер!

2012-жылдын 9-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкө журналистикасынын бүгүнкү абалына арналган конференция өтөт. Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд бардык маалымат каражаттарынын жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн маалыматтык мейкиндиктеги көйгөйлөрдү талкуулоого жана жол издөөгө чакырабыз.

Толугу менен

Кыргыз басма сөз күнү 2 жылга жылышы мүмкүнбү?

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында чыгып жаткан «Шахтер жолу» гезити быйыл 90 жылдыгын белгилейт дейт «Ош шамы» гезити. Бул маалыматка ишенсек, ал 1922-жылы 11-июлда «Сүлүктүлүк тоо жумушчусу» деген ат менен чыга баштаган экен.

Толугу менен

Эмне кылуу керек? Журналисттердин коопсуздугу боюнча

Сүрөттү тарткан Талант Шамшиев

Бүгүн журналисттердин коопсуздук маселеси боюнча ИМП уюштурган тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү — ага дээрлик бардык укук коргоо органдарынын «чечим кабыл алуучу» деңгээлиндеги өкүлдөрүнүн катышкандыгы болду. Буга уюштуруу иштерине Президенттик администрациянын жана өкмөт аппаратынын катышкандыгы себеп болду окшойт.

Толугу менен

Демде 31!!!

Учурда 31 ЖМК «Дем» сайтында катталып, жаңылыктарын жайгаштырып келишет. Дээрлик бардык аймактардын ЖМКлары бар. Баткенден баштап Нарынга чейин. Бул кичи мекенинен алыста жүргөн жердештерибизге жагымдуу нерсе болушу керек. Эми айыл жеринде эмне болуп жатканын аймактык маалымат булактарынан окуй алышат.

Толугу менен

Майрамыңар менен! С праздником!

Урматтуу кесиптештер. Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

Бул жоопкерчилиги көп, түйшүгү арбын иште кайрат жана эрк, чыдамкайлыкты каалайбыз.  Бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубаттык болсун. Чыгармачылык ийгиликтердин ээси, жакшы жаңылыктардын жаратуучу болуңуздар. Калеминиздер мокобосун.

Уважаемые, коллеги. Поздравляем Вас с профессиональным праздником Днем информации и печати КР!

Профессия журналиста требует большой ответственности, мужества и упорства. Желаем вам крепкого здоровья, воли и терпения. Пусть всегда сопутствует успех вашим начинаниям, а ваш добросовестный труд найдет отклик в сердцах читателей, телезрителей, радиослушателей. Пусть всегда ваше перо будет острым и не знает устали, а в ваших семьях будет благополучие.

Этика — бул жөн гана айтылган сөз эмес

Жашоодо эч нерсе жөндөн жөн эле, кокустан боло бербейт. Буга канча жолу өз жашообузда күбө болдук. Мына бүгүн да кыргыз гезиттерин карап чыгып жатып, аты баарыбызга таанымал болгон гезитибиздин бири (атын атабаганым, гезиттин душмандары мына Марат ал гезитти өзү атаптыр деп, ал гезитке каршы бир нерсе жасап ийбесин дегеним) этикалык норманы одоно түрдө бузган фактыны көрүп алып кейип кеттим. Анда зордукталган 5 жашар кыздын бети жашырылбай түшкөн эки сүрөтү бакырайтып жарыяланыптыр. Энесинин да сүрөтү жүрөт. Энеси го макул, чоң киши. Журналисттер кыздын келечегин ойлоп коюшпайбы! Кызды тааныгандар, өзгөчө, жакшы-жаманды али жакшы айырмалай элек жаш балдар, кызды келекелебейт, щылдындабайт деп ким кепилдик бере алат! Мындай кордоолорго тушуккан кыздын психикасы оң болобу? Ансыз да айбанчылыктын курмандыгы болду. КР журналисттеринин этикалык кодексинде балдарга байланыштуу теманы өтө этиятык менен чагылдыруу керектиги жөн жеринен эскертилбеген эмес да. 12-пунктта мындай деп жазылган:

Толугу менен

Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги юбилейлик мааракеге даярданып жатат

«Кабар» маалымат агенттиги менин журналисттик жолумда, дегеле тагдырымда чоң орунду ээлейт. Адамдык да, кесиптик да устаттарды жана жакын досторду табууга, жашоомдун кескин өзгөрүштөргө себепкер болду. Ушуга байланыштуу «Кабар» агенттигине тиешелүү бардык нерселер мен үчүн эң жакын. Жакында ал юбилейлик мааракесин өткөргөнү жатат. «Кабардын» тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу бул агенттиктин бирден-бир көрүнүктүү жетекчиси, менин устатым, Кубан Таабалдиевден «Кыргыз туусу» интервью алыптыр. Ошону силерге сунуштайын деп жатам.

Толугу менен

Кибер- (робот-) журналисттер келатат!

Сүрөт http://vk.com/public41772682 сайтынан алынды

Жакынкы убакта дүйнөлүк журналистикада чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Батышта пайда болгон жаңы технологиялык нерсе бизге бат эле жетээрин эске алсак, биз эртең эле аны сезе башташыбыз мүмкүн. Технологиялык дегеним, ал өзгөрүүнүн себеби так ушу тармакка байланыштуу.

Толугу менен

Качан акылдуу болобуз?

Байыркы грек философу Гераклит айтты эле:  «Нельзя дважды войти в одну реку». Биз болсо койбойт экенбиз аракетибизди. Керек болсо, андан да ашып кеттик го.  Улам эле тырмоокту басып, башыбызды көгөртүп жүрөбүз. Дагы да көгөртөлү деп жатабызбы?

Толугу менен

Нааразылык акциядан кийинки ойлор

Журналисттердин кечээки нааразылык акциясы боюнча айта турган создөрүм бар эле. Бул акцияда мени кубандырганы, журналисттер ЖМКнын тилине карабай тилектештик билдирип, бири-бирин колдоп чогуу чыкканы болду. Анткени акыркы кезде, орус тилдүү журналисттер менен кыргыз тилдүү журналисттердин ортосундагы ажырым, бири-бирин жерүү, кабылдабагандык өсүп кеткенсиген эле. Бардыгы аралаш жүрдү. Бул жакшы жышаан.

Толугу менен