«Дем» дем ала баштады

Көптөн бери күткөн күнүбүз да келди. «Дем» сайты тесттик режимде иштей баштады. Алгачкы ЖМКлар өз материалдарын жайгаштыра башташты.

Толугу менен

Тилектештикти билдирүүгө!

Бүгүн саат 11:00дө Жогорку Кеңештин алдына журналисттер нааразычылык акцияга чыгышат. Митингге чыгууга айрым депутаттардын НТС телеканалынын кабарчыларына терс мамилеси жана журналисттердин өз ишин алып баруусуна жолтоо кылуусу себеп болду.

Толугу менен

1ди жазып 2ни көңүлдө кармайбыз

Орус тилиндеги белгилүү фраза болжолу ушундай айтылат. Кайсы бир иш-чараны өткөрүп жатып бул фразаны жетекчиликке алганды көнүп калганбыз. Сөзсүз түрдө, чакырылгандардын жарымына жакыны келбейт. Себептерин сурасаң — бардыгы жүйөлүү, жөндүү көрүнөт. А бирок, өзүбүздүн эле жашообуздан билебиз, бизге керек болгон учурда…

Толугу менен

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин жаңы төрагасы

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мурдагы төрагасы Кылычбек Султанов жаңы Өкмөттүн курамына министрлик кызматка кеткендиктен, Байкоочу Кеңештин мүчөлөру жаңы төрагасын шайлап алышты. Ал Фархад Бекманбетов.

Толугу менен

ПРЕСС…а-а-а!

Сүрөттүн автору Руслан Валитов

«Атажуртчулардын» митингин чагылдырып жүргөн 24.KG маалымат агенттигинин журналистин Дарья Подольскаяны митингчи аялдардын бири ур-токмокко алыптыр. Агенттиктин айтымында, ал аял эч нерсе түшүндүрбөстөн, жөндөн жөн эле сабап кирген экен.

Толугу менен

ЖМКлар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы

Cүрөттүн автору Азамат Кыязов

Жыл өткөн сайын ЖМКлар менен күрөшүүнүн ыкмалары да уламдан улам жаңырууда. Азыр журналистти коркутуп, үркүтүп, уруп, сабабай эле, ЖМК менен соттошпой эле, алардын ишинин натыйжалуулугун жокко чыгаруунун дагы бир жолун табышкансыйт.

Толугу менен

ММКбы же ЖМКбы? Кайсынысы туура?

Гезит, теле-, радиолорду биз адатыбызча ММК деп келебиз. Ал Массалык Маалымат Каражаттары дегендин кыскартылып айтылганы. Бул орусча СМИ же Средство Массовой Информации дегендин эле сөзмө сөз, калька котормосу. Бирок Массалык Маалымат Каражаттары деген сөз айкашын колдонгонго көнүп калганыбыз менен мага ал, негедир, кыргызча «угулбагансыйт». «Массалык маалымат» дегенди элестетүү мага дайыма оорчулукту түзөт.

Толугу менен

Кыргыз ЖМКлары жана этикалык нормалар

«Медиа Консалт» уюму жакында 16 кыргызстандык гезиттерди (12 — кыргыз тилинде, 4 — орус тилинде) жана 10 интернет-басылмаларды (7 биздин өлкөдө, 3 чет жерде жайгашкан ) 3 ай серепке алышып, этикалык стандарттардын сакталышына байкоо жүргүзүптүр. Анын жыйынтыктарын анализдеп, тыянак чыгарышыптыр.

Толугу менен

Маалыматтык радиодо иштегиси келгендерге кастинг

«Марал» радиосунда маалымат бөлүмүндө иштөөнү каалаган журналисттер үчүн кастинг (кароо-сынак) жарыяланат!

Кастинг 31-июль, саат 12:30да төмөнкү дарек боюнча өтөт: Фрунзе көч. 387, 3-кабат (Карпинка көчөсү менен кесилишет). Байланыш телефону: 0771 41 60 91

Резюмеңерди ала келгиле!

Дүйнөлүк кабарлар кыргызча

Дүйнө Кыргызстан менен гана чектелип калбайт. Бирок мекендештерибиз дүйнөлүк кабарларды негизинен орус тилдүү маалымат булактарынан алышат. Бул түшүнүктүү нерсе — бизде бир да ЖМК чет элде өз кабарчыларын кармай албайт — чамабыз жетпейт.

Толугу менен