Кыргызча сайттар

Урматтуу окурмандар,

сайтымдын ушул баракчасы эң окумал экенин сатистикалык маалыматтар көрсөтүп жатат. Бирок буга карабай жакында бул барагымды жапсамбы деп жатам. Анткени сайттардын топтомун чыныгы каталогго окшоштуруу максатында атайы сайтты — «Кыргызча сайттар каталогун» ачкан элем.

Ал сайтта кыргыз тилдүү сайттар тууралуу маалыматтар бул жерге караганда кененирээк жана ырааттуураак берилген. Ошондой эле окурман үчүн пайдалуу кошумча көп мүмкүнчүлүктөр каралган. Август башына ал жерде 600гө жакын сайт тууралуу маалыматтар бар!

Учурда  бул жерде 360 веб-булак катталган

Кыргыз тилдүү сайттарга кытайдагы бир туугандарыбыздын сайттары да кирет. Бирок алар негизинен араб графикасында. Сайтты толугу менен болбосо да айрым жазууларды араб графикасынан кирилл графикасына жана тескерисинче коңторууга мүмкүнчүлүк бар. Кытайлык кыргыз программчылар ушундай бир кызматты иштеп чыгышыптыр. Ал кызматты бул жерден тапсаңар болот.

 

Авто/мото

 

Бизнес жана экономика

 

Дин

  • Муслим.KG
  • Muftiyat.kg, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы
  • Ислам жолу, ислам динин жаңыдан үйрөнүп жаткандар үчүн
  • IslamHouse.com, ислам менен таанышууга арналган веб-сайттын кыргызча баракчасы, экстремисттик маанайдагы материалдарга жол берилбейт деп билдиришет
  • Жаңылануу, машайакчылардын (христиандардын) сайты
  • Нур илим
  • Кудай сөзү — Ыйык китептер

Жаңылыктар жана ЖМК

 

Жумуш жана каръера

 

Илим/билим

 

Интернет/компьютер

 

Кызматтар

 

Маданият жана өнөр

 

Мамлекет жана коом

 

Мода

 

Музыка

 

Саякат

 

Спорт

 

Үй бүлө жана тиричилик

 

Электрондук техника

 

Эс алуу/көңүл ачуу

 

Тизмекке киргизүүгө татыктуу деген веб-булактарды баракчанын ылдый жагындагы комментарий жаза турган жер аркылуу сунуштасаңар болот. Аларды тизмекке кошуу эрежеси менен бул жерден тааныша аласыздар.

129 thoughts on “Кыргызча сайттар

  1. Format.kg Ош аймактык медиа-порталын да кошуп койсоңуз Марат байке…

    Маалыматтык сайт “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин “Жаштар демилгелерин колдоо фонду” долбоорунун алкагында ишке кирди. Маалымат-аналитикалык медиа-портал негизинен Фергана өрөөнүндөгү, Ош аймактарындагы окуяларды бейтарап чагылдырууга багытталган. Сайт кошумча, белгилүү ММКлардын аталган аймактарга тиешелүү макалаларын өз бетине жарыялап турат. Ошондой эле порталдын контенти блог, фоторепортаж жана видеолор менен толтурулат.

    Сайтта негизинен студенттер, журналистикага кызыккан жаштар ыктыярдуу түрдө иштешет. Аларга Оштогу белгилүү журналисттер келип тренинг жана сабактарды өтүп турушат.

    Порталдын редакциясы Ошто жайгашкан.

  2. Кыргыз тилинин азыркы абалы, аны жакшыртуу боюнча сунуштар камтылган макаламды кобуроок адамдар окуй турган гезитке же сайтка жарыялайын дедим эле. Кайсы гезитке же сайтка, кантип жарыяласам болот . Бектемир

    • Салам.

      Макул болсоңор, мен «Кыргыз маданият борбору» блогума жарыялай алам. Ошондой эле «Вечерний Бишкек» гезитинин кыргыз тилдүү баракчасы «КАБАР ОРДО» сайты менен сүйлөшүп бералам.

      Менин электрондук дарегим tokoevm (@) gmail.com

    • Кыргыз тили Гугл траснлейттеги тилдер топтомуна киргизиле элек. Бул жаатта бир кезде иштер катуу жүрүп жатты эле. Аз эле калды дешкен. Биз да күтүп жатабыз.

  3. 360 толук бурч (тегерек) болуптур, аябай жакшы дал келүү турбайбы. ушул жерде тиркелгендин баары жалаң кыргыз тилдүү сайттарбы, же орус тилдүүлөр да барбы?

    • Бул жерде негизинен кыргызча барактары бар же толугу менен кыргызча сайттар гана. Кыргызча сайттар каталогу деген сайтыма (http://kgkatalog.ucoz.ru/) кыргыз маданияты, тарыхы тууралуу кызыктуу маалыматтарды камтыган орус тилдүү сайттарды да киргизип койгом.

    • Салам, Төлөнтур.

      Ооба. Көп шилтемелер менен бөлүшкөн элең. Рахмат. Алардын баарын киргизип койгом. Ал эмес кытайлык кыргыздардын араб графикасындагы сайттарды кантип кирилл графикасына өткөрүү боюнча да кеңештерди жазган элем.

      Бирок ушул жылдын жай айларынан баштап менин бул блогумдагы сайттарды башка жакка — каталог түрүндө аларды иреттөөгө мүмкүнчүлүк берген сайтка которуп жатам. Анын дареги — http://kgkatalog.ucoz.ru/. Учурда бул жерде 429 сайт тууралуу маалыматтар топтолду. Алардын 26сы башка тилдердеги бирок Кыргызстан, кыргыздардын маданияты тууралуу кызыктуу маалыматтарды камтыган сайттар.

      Бул блогумдагы кыргызча сайттарды топтому азырынча тура турсун дедим. Анткени жаңы сайт тууралуу эл жакшы биле элек. Анан да бул жерде жаңы сайтка көчүрүлө элек сайттар тууралуу маалыматтар да бар.

  4. Саламатсызбы? Марат байке мен бир сайт ачкан елем adilet1295.ucoz.ru ушул сайттыда тизмеге кошуп койсонуз жана кантип маалыматтар жана жанылыктар киргизсем болот жардам беринизчи мен жакшы тушунбой жатат окшойм азырынча болок сайттарды еле ссылка кылып койгом

    • Салам, Адилет.
      Сайтты ачып, аны алып барууга аракет кылганың жакшы. Бирок сайтыңды каталогго киргизгенден бир аз күтө турбайлыбы. Маалыматтар жок экен да. Менин сага сунушум — сени кызыктырган, сен жакшы билген тема боюнча сайт кылсаң жакшы болот.
      УКОЗдо иштөө боюнча өзүлөрүнүн сабактары, кеңештери бар. Чынын айтайын, мен да бул жерде иштөөгө 3 жолу аракет кылгам. Бир күнүңдү аябай ары-бери жагын чукулап көрсөң, көп нерсеге үйрөнөсүң.

      Бишкекте болсоң көрсөтүп берет элем. Ал эми кат түрүндө үйрөтүү көп убактымды алып коет го деп чоочулап жатам.

      Менин телефонум 0772 55-10-83.

    • Салам.

      Силер жөн гана ырларыңар менен бөлүшкүңөр келеби, же өзүнчө сайт ачкыңар келеби, кеп ушунда. Эгер жөн гана ырларыңар менен бөлүшүп, алар боюнча сын-пикирлерди угуп тургуңар келсе, Фейсбукта, Мой мирде кыргыз поэзиясына арналган, чыгармачыл адамдар топтошуп, баарлашып турган баракчалар, топтор бар, аларга кошулсаңар болот. Же болбосо менин дагы бир блогума — «Кыргыз маданият борбору» блогуна жайгаштырсаңар болот. Бир гана бул жерге, биздин пикирибизде жакшы ыр делгендер гана жайгаштырылат. Бизге ырларыңарды берсеңер, карап көрөлү.
      Же болбосо өзүнчө сайт ачкыла. Бекер ачканга мүмкүнчүлүгү бар сайттар аз эмес. Бул KLOOP, ucoz же бизде. Мисалы, биздеги ушундай сайттар: http://melis.journalist.kg/, http://kokotaeva-adamova.journalist.kg/, http://akunova.journalist.kg/

  5. саламатсызбы.сайт тузуп тузгон сайт менен каражат тапса болобу?(суроом учурдагы талкууго туура келбесе кечирим сурайм)

    • Кыргызча сайт ачып, аны иштетип байып кеткен адамдар тууралуу маалыматым аз. Жаныбек Жанызакты гана атай алам. Сайт сатып алып, аны оңдоп-түзөп, кайра сатып акча кылгандар тууралуу эшиттим эле. Бирок алар менен тааныш эмесмин. Ошону менен катар, бул силер сурагандан башкараак окшойт.

      Мен 2009-жылдан бери блог иштетип келем. Азырынча бир да тыйын таба элекмин. 🙁 Балким көп кызыкпаганыман болушу керек. Мен билбеген жолдор, мүмкүнчүлүктөр бар болушу ыктымал.

  6. Саламатсыздарбы «Кыргыз инсандары» сайты жакты мага insan.tyup.net

    Кошуп койсонор татыктуу болоор эле
    Рахмат

  7. Марат,mamtil.kg деген сайтты да тизмеге кошуп кой. Мурда эле ачылган экен, бирок иштебей туруптур. Бардык кыргызча сайттарга чын дилимден ырахмат айтам. Баарыбыз биригип кыргыз тилине жапатырмак аракет кылалы. Биздин сайтыбыздын кеңири тарашына жардам бергиле.

    • Саламатчылык.

      Сурооңорго бир аз түшүнбөй турам. Түшүнгөнүмө жараша жооп берейин.

      Уюлдук телефон аркылуу жеке сайт каттап, аны жасалгалоо — менимче, бир аз ыңгайсыз болот. Буга, кеминде, жакшы айпад жана тез трафиксиз Интернет керек. Жок дегенде башында. Сайтты ачып, жасалгалап алгандан кийин ага уюлдук телефон аркылуу кирип, материалдарды (анын ичинде сүрөттөрдү да) жайгаштыра берсе болот.

      Кааласаңыз, уюлдук телефондор аркылуу киргенге ыңгайлуу болгон wap жана мобилдик сайттарды ачсаңар болот. Мен билгендерден, мындай сайтты акысыз ачууга мүмкүнчүлүк берген http://lark.ru/ сайты бар.

      Бизде ачылган блогдордун айрым темалары ийкемдүү келип, аны уюлдук телефон аркылуу окуганга ыңгайлаштырылган.

      Урматым билдирип, Марат Токоев

    • Менимче, аталган сайттардын дээрлик бардыгы бизде бар. Андан көрө, биздин көз жаздымыбызда калган кытайлык кыргыздардын сайттарын сунуштарсаңар эн сонун болот эле. 🙂 Күтөбүз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *