Бүгүн ucoz.ruдагы “Кыргызча сайттар каталогу” 1 жашка чыкты!
Кыргызча сайттардын топтомун түзүү максатында ачылган сайтта бүгүн 556 сайт катталган. Алардын 512си кыргыз тилинде “сүйлөгөндөр”.
Бүгүн ucoz.ruдагы “Кыргызча сайттар каталогу” 1 жашка чыкты!
Кыргызча сайттардын топтомун түзүү максатында ачылган сайтта бүгүн 556 сайт катталган. Алардын 512си кыргыз тилинде “сүйлөгөндөр”.
Мындан эки жыл мурун “Сорос-Кыргызстандын” жардам менен “Дем” сайтын жасаттык элек. Негизги максатыбыз – сайты жок ЖМКларга материалдарын интернетке жайгаштыруу менен жаңы окурмандарды табууга жардам берүү болчу. Бүгүн бул сайт дагы бир жасалгаланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат.
Ошко иштер менен барып калганда Таир ака менен сөзсүз жолугушуп кеткенге аракет кылар элем. Качан гана болбосун, кандай гана кырдаал болбосун өзүн бир калыпта кармап, жылмайып гана турган Таир ака менен аз да болсо баарлашып алганыңда анын токтоолугу, сабырдуулугу, позитивдүүлүгү сага да өткөнсүйт эле.
Бул адам өз кесибинин мыкты чебери болчу. Бирок ошол эле кезде ал өзүн өтө жөнөкөй кармачу. Менменсинбечи. Тең кармачу. Бул анын Улуулугун, Акылмандыгын күбөлөчү! Акылман адам канчалык улук болсо, ал ошончолук өзүн пас кармайт эмеспи.
“Кош” деп айтуу кандай оор. Бирок айтпаска да айла жок. Жаткан жериңиз жайлуу болсун! Топурагыңыз торко болсун! Сиз дайым биз мененсиз!
Жаңыча иштегиси келген жаш журналисттердин сайты иштей баштады. Ал “Жаш журналист” деп аталат. Анда азырынча бейформал түрүндө иш алып барган, келечекте Минюстта каттоодон өтүүнү максат кылып жаткан жаш журналисттер тобунун иш аракеттери тууралуу жана жаш журналисттерге пайдалуу болушу мүмкүн маалыматтар жарыяланып турат. Мисалы, сайттан жакындан баштап ишке ашырыла баштаган “Устат-шакирт” аталышындагы окутуу-тарбиялоо системасы, ага катышкан устаттар менен шакирттер жөнүндө кенен маалыматтарды алса болот.
Мурда кесиптештерибиз бийлик тараптуу жана оппозиция тараптуу болуп эки жээке эле бөлүнсө, азыр ар бир гезит, телеканалдар ар башка атка минердин бирин көккө чыгарып, бирин жерге тебелеп, өтө эле майдаланып кетти. Жакшы өзгөрүүлөр да бар. Бирок беш кол тең эмес дегендей өзүнүн кара курсагын ойлоп абройун пастыка түшүргөн кесиптештерибиз да аз эмес. Бирок бүгүнкү күнүбүздүн оңоолуусуна, мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө журналисттер сөзсүз салым кошооруна, өз таасирлерин тийгизе алаарына ишеним чоң. Ошондуктан алардын пикирлери “Кабар Ордодон” жаңырып турат деген ойдобуз. Сөз “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевде.
Меня попросили распространить эту информацию. Думаю, она может быть очень интересной для многих.
С 1 по 5 апреля 2014 года пройдет международный тренинг для членов Консультативной рабочей группы, государственных органов, независимых экспертов для ознакомления с мировым опытом государственно-религиозных отношений. Эксперты из 5 стран: Россия, Турция¸ Индонезия, Пакистан и Израиль представят модели государственно-религиозных отношений своих стран. По итогам тренинга ожидается разработка документа по выстраиванию взаимоотношения между государством и религиозными организациями Кыргызской Республики, которые будут переданы Совету Обороны и Государственной Комиссии по Делам Религии.
Бүгүн интернетте өзүнүн сайтын же блогун ачкысы келгендердин саны улам өсүп барат. Сайт – бул жашоодогу көрүнүштөр боюнча ойлоруң, же чыгармачылыгың (ырларбы, сүрөтбү) менен кеңири журтчулук менен бөлүшкөнгө жакшы шарт түзүп берет. Бирок мындайда сайтты каякта ачсам, аны ачыш үчүн эмне кылыш керек, материалдарды кантип жайгаштырам деген ж.б.д.у.с. көптөгөн суроолор пайда болот.
Мен WordPress мазмун башкаруу системасын (СМS) сунуштайм.
Эгерде сиздин жалпыга маалымдоо каражатыңыздын (гезит, теле, радио) сайты бар болсо. Бирок ага киргендердин саны өтө эле аз болуп жатса. Сайтыңызга адамдар бир кыйла көп кирип, материалдарыңыз менен кененирээк таанышып, пикирлерин билдирип турушун кааласаңыз, же болбосо, замандын талабы эмеспи деп сайт ачып алып, бирок аны кантип иштетүүнү, ЖМК менен сайт бирдиктүү организмдей иштеши үчүн эмне кылуу керектигин билбей турасыз.
Сайттын ээлери негизинен видеого басым жасап, аны сайтка жайгаштыргысы келет. Кантип видеону wordpress блогдоруна жайгаштырса болоорун бул жерде айтып бергем. Бүгүн биз аудиону жайгаштырганды үйрөнөбүз.