Сайт ачканга жардам

Учурда гезиттин сайты болбосо, аны замандан артта калган басылма катары кабылдашат. Бул түшүнүктүү. Интернет кошумча окурмандарды табууга, окурмандары менен тыгыз, заманбап байланышты түзүүгө жардам берет. Кыргыз тилдүү гезиттер да акыркы кезде Интернетте өз сайтын ачууга аракет кыла башташты. Ал эмес алыскы аймактык басылмалар.

Бирок бардык эле ЖМКлардын буга чамасы жете бербейт. Сайтты ачыш үчүн азбы-көппү кошумча каражат керек. Бери дегенде эң жөнөкөй сайт үчүн 300-400 доллар. Аны менен катар сайтты иштете алган, ага материалдарды өз убагында чыгарып тура алган адис да керек. Бардык гезиттерде Интернетти да катырган, макала да жаза алган адисти табууга мүмкүн эмес.

Бул маселелерди чечкенге биз жардам бере алабыз.

БЛОГ АЧУУ

Блог – бул жөнөкөй интернет колдонуучуларга ыңгайлаштырылган, жеңилдетилген сайт деп койсок болот. Бирок заманбап блогдор мүмкүнчүлүгү боюнча сайттардан кем калбайт. Ошол эле учурда аны колдонуп иштетүү жөнөкөй бойдон калды. Блог дегеним, аны бекер ачууга мүмкүнчүлүк берген порталдарды интернетте жеңил эле тапса болот. Кыргызстанда блогду ачууга эң жакшы шарттар КЛООП порталында жана биздин сайтта (http://journalist.kg) каралган десек болот. Экөө тең зор мүмкүнчүлүктөрдү берген, ийкемдүү WordPress башкаруу системасынын негизинде иштейт.

Биздин артыкчылыгыбыз:

1. Бизде катталган сайттардын дарегине journalist.kg деген жазуу жалганат. Мисал катары бизде катталган Ош окуучуларынын “Данек” гезитинин дарегин алалы: http://danek.journalist.kg. Мындай дарек:

— сиздин гезит журналистикага байланыштуу экенин көрсөтөт;

— сиздин гезит Кыргызстандыкы экенин билдирет.

Бирок сиз кааласаңыз, сизге жаккан башка интернет даректи сатып алсаңыз, биз аны сиздин сайтка бекитип бере алабыз. Мисалы, бул http://domstar.journalist.kg дарегиндеги блог бизде ачылган.

2. http://journalist.kg сайтында толтура башка кызыктуу блогдор ачылгандыктан, алардын окурмандары, сайттын өзүнүн да аз эмес сандагы окурмандары сиздин веб-баракчаңыздын да окурманы болуп калышы мүмкүн.

3. Биздеги блогдор кызыктуу, жарашыктуу болуусун көздөп биз колдонулуучу сырткы жасалга-темалардын санын өстүрүп, кыргыз тилинде блогду алып баруу боюнча сабактарды такай сунуштап турабыз.

4. Материалдарыңарга окурмандар пикирлерин жазып тура алышат. Башкача айтканда окурмандарыңар менен тыгыз байланыш түзө аласыз.

5. Эң негизгиси, биздин максат кыргызстандык журналистиканын өнүгүшүнө салым кошуу, өбөлгө түзүү болгондуктан бизден сайтты ачууда, аны жылдырууда (башкаларга таанымал кылууда) бизден бардык жардамды күтсөңөр болот.

БИЗДЕН БЕКЕР ЖАРДАМ

1. Блогду каттоо жана ачуу

Блогдун кызыктуу жана эсте калаарлык дарегин, аталышын табууга жана аны каттоого жардам беребиз.

2. Блогдун баштапкы жасалгасын жасоо

— Сиз сунуштаган логотипти блогуңарга бекитип берүү;
— Сиздин аватарыңызды бекитип берүү;
— Блогду кыргызчалап берүү;
— Сиз сунуштаган рубрикаларды ачып берүү;
— Макалаларды жайгаштыруу боюнча кеп-кеңештер;

3. Блогду жылдыруудагы жардам

— Сиздин блогдо жарыяланган айрым материалдарга шилтемелерди Фейсбукка жайгаштырып туруу;
— Сиздин блогдо жарыяланган айрым материалдарды блогуңарга шилтеме менен http://journalist.kg сайтына жайгаштырып туруу;

АКЫГА ЖАРДАМ

Аны менен катар биз блогуңарды ачып берүүдө, аны жасалгалоодо жана жылдырууда (блогуңарды башкаларга таанытууда) башка да жардамдарыбызбы бере алабыз. Бирок акы төлөп. Анткени бул иштер бир топ убакытты жана эмгекти талап кылат. Ошондой болсо да биз сураган каражат башкалар ушул эле иш үчүн сурагандан бир канча төмөн. Ошону менен катар биз бир канча башка да кошумча кызматтарды көрсөтөбүз. Өзүңөр баамдап көргүлө.

1. Блогду жасалгалоо

— Кызыктуу теманы тандап, аны сизге ылайыктап жасалгалап берүү;
— Баракчаларды, рубрикаларды ачып, толтуруу. Менюну жасоо;
— Эсептегичтерди каттап, блогго жайгаштыруу (канча окурман кирип, канча барак окуганын, алар кайсы өлкөдөн экенин, кайсы баракчаларды окуганын, ж.б.д.у.с. нерселерди билип турасыз);
— Твиттерде аккаунтуңарды каттап, блогго материал жарыяланаары менен ал твиттерге автоматтык түрдө жарыяланып турушун жасоо;

Сиз менен алдын ала келечектеги блогуңар кандай болушун каалайсыз, ал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, айрым техникалык талаптар такталып алынат.

 

2. Блогдун өздүк Интернет дарегин бекитүү

— Блогдун өздүк интернет дарегин тандоо жана каттоо;

— Бул даректи блогго бекитүү.

Акысы – Интернет даректин баасы + 500 сом.

 

3. Материалдарды блогго жана “Дем” сайтына жайгаштырып туруу

— Материалыңарды блогго чыгарып турууга өзүңөрдүн чамаңар жетпесе, же башка себептерден муну жасай албасаңыз сиз бизге почта аркылуу жиберип турган материалдарды сайтка сүрөттөрү менен жайгаштырып тура алабыз;

— Сиздин гезитти “Дем” сайтына каттоо жана ал жакка айрым материалдарыңарды жайгаштырып туруу;

— Пикирлерди текшерип туруу жана алардын жарыяланышына уруксат берүү же айрым адамдын абройуна шек келтирген пикирлерди жокко чыгарып туруу;

— Спамдарды тазалап туруу;

Акысы – гезиттин ар-бир саны үчүн 300 сом.

Ошентип 5000 сом айланасындагы акчага сиз жеткиликтүү веб-баракчаңызга ээ болосуз. Бул жерде айта кетиш керек, биз сайтыбыздагы шаблон-темаларды сизге ылайыкташтырып гана бере алабыз. Ага кескин өзгөртүүлөрдү киргизе албайбыз. Аны кааласаңыз, мындай блогдун баасы тууралуу өзүнчө сүйлөшүш керек.

Бардык кызматтар эки тараптын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

БИЗДИН ПОРТФОЛИО: 

mektep

danek

dan

61 thoughts on “Сайт ачканга жардам

    • Арыбагыла.

      Бул сайт негизинен ЖМКларга жана журналисттерге арналган сайт. Анткени мында ачылган сайттын аталышында сөзсүз «журналист» деген сөз болот. Мисалы, http://tokoev.journalist.kg

      Бир кезде ЖМКларга сайтты бекер ачканга жардам бергенбиз. Азыр аны токтоттук. Бекер тамак аш болбойт экен.

      Эгер сайт ачып иштетем десеңиз, интернеттен толтура андай мүмкүнчүлүктү тапса болот.

      Бир кезде мага кайрылгандарга мындай кеңеш бедим эле, аны кайрадан бул жерден келтирип жатам:

      Биринчи кезекте, сайтка эмне материалдарды коюшуңар керек, кандай материалдарды чыгарып турайын деп жатасыңар, сайттын кандай мүмкүнчүлүктөрү болушу керек, мына ушул суроолорго жооп беришиңер керек. Башка айыл өкмөттөрдүн, же шаардын сайттарын изилдеп чыкканыңар жакшы болот. Бул жерден айрымдарын тапса болот — http://kgkatalog.ucoz.ru/dir/koom_jana_sayasat/11

      Ал эми сайтты бекер ачса боло турган көптөгөн жерлер бар. Бул макалада айрымдары тууралуу маалымат берилет — http://uguide.ru/news/rejting_luchshij_konstruktor_sajtov_runeta/2013-09-09-77

      Кыргызстанда да андай мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, КЛООПто (http://kloop.kg/) жана бизде. Бирок биздин даректе ачылган сайттарда journalist деген жазуу боло тургадыктан, бул айыл өкмөт менен журналисттердин ортосунда кандай байланыш бар деген суроо пайда болушу мүмкүн, ошондуктан КЛООПто сайт ачканды сунуштайт элем.

      Сайтты ачыш деле оор эмес. Негизги маселе — ачылган сайтты сиз каалаган түргө, көрүнүшкө жакындатууда болот. Мында сайттар менен иштөө тажрыйба зарыл. 3 жол бар: 1) Сайттарды ачып иштеткен тааныштарга кайрылуу; 2) башка бир адистерге кайрылуу. Булар бекер иштебеши мүмкүн; 3) өзүңөр аракеттенгиле. Негизи, мен 3-жолду колдойм.

      Кеңешим, башында өзүңөр жөн эле бир сайт ачып, аны жасалгалап, ага материалдарды жайгаштырып үйрөнүп көргүлө. Баары ойдогудай болгуча көп убакыт кетиши мүмкүн. Бирок сиз топтогон билим жана тажрыйба — эң баалуу болот. Кийин эч кимге жалдырабайсынар.

  1. мен майрамбеков керемет мен 1997 жылы нарын обласьт караштуу кочкор районун карасуу айылында туулгам.мен азыркы учурда карасуу айылына караштуу шапак рысмендеев атындагы орто мектебинде окуп атам.мен 4 бир тууганмын.мен келечекте юрист болом деген кыялдамын.рахмат.www.kesha.97.kg сайтым.ушундай болсо.

    • Салам.

      Ачса болот. Негизгиси иштетип кетсеңер эле болду. 2 тилде болушу тууралуу менде тактоо иретиндеи суроолор бар. Ар-бир тилде сайт толугу менен өз-өзүнчө болобу же мазмуну тил боюнча аралаш бообу?
      Мисалы, биринчи турдөгү сайтка бул сайты киргизсек болот http://radiomost.journalist.kg/
      Ал эми ар кайсы тилдеги материалдары аралаш сайтка меникин киргизсе болот.

  2. Салам!
    Урматтуу админ мен Кытайдан болом. бул сайтты мурда эле билсемда бул жерди карабаган экемин. Айтмакчы мен да блог ачсам жардам берсеңиздер. домен аксызбы? Кийинки асалгалоо иштерин өзүм кылып алат элем.

    • Салам.

      Сайт ачса болот. Бир гана биз http://www.kyrgyzstan.kg/ домендик ысымды сайтыңарга бекитип бере албайбыз. Биз бекер 3-деңгээлдеги домендик ысымды бере алабыз, мисалы, http://kyrgyzstan.journalist.kg/. Сайтыңар сиз каалаган дарек менен ачылышы үчүн аны сатып алыш керек. 50 доллардын айланасында турат. Бирок бул даректи бир эчак сатып алган экен.

      Анан да сайттын дареги, мүмкүн болушунча, сайттын мазмунуна шайкеш келиши керек. kyrgyzstan деген дарек армия, аскер тууралу эч бир түшүнүк бербейт.

      Дагы да ойлоно турган нерселер көп. Бул жерден керектүү маалыматты алышынар мүмкүн. http://tokoev.journalist.kg/blog-boyuncha-sabaktar/ Каалооңор калса, сүйлөшөлү.

  3. Мен кесибим боюнча социологмун. уй-було, андагы ата-эне менен баланын мамилеси, уй-булону сактоо ж.б. проблемалар боюнча атайын блог ачканга жардам берсер жакшылык кылган болот эленер. Себебеи уй-булону сактай алган болсок гана калган ийгиликтер болот эмеспи.

    • Саламатсызбы.

      Ой-тилектериңиз жакшы экен. Бизде деле блог ачсаңыз болот. Бирок анын дарегинин аталышындагы journalist деген сөз, блогдун тематикасына көп шайкеш келбей калабы деп чоочулайм. Мен сизге бул жерде http://kloop.kg/ блог ачканды сунуштайт элем. Ал эми блогду иштетүү тууралуу кыргызча айрым маалыматтарды менден алсаңыздар болот: http://tokoev.journalist.kg/blog-boyuncha-sabaktar/

  4. Саламатсызбы? Мен Лейлек райондук «Ата Журт» газетасынан. Менин сизге кайрылуум акылуу сайт менен акысыз сайттын айырмачылыгын жана акылуу сайтты болгону канча акчага ачып бере алаарыңызды билейин дегенмин

    • Саламатсызбы.

      Кайрылганыңарга кубанып турам. Бир кезде мүмкүнчүлүк болуп турганда сайт бекер ачып берелик деп өзүбүз кайрылдык элек, Абдилаат агай сайтты иштетете турган адам жок болуп жатат деген эле. Эми табылган окшойт. 🙂

      Бирок азыр мурдагыдай бекер жасаганга мүмкүнчүлүк жок. Ал тууралуу өзүнчө сүйлөшсөк болот. Менин телефонум 0772 55-10-83

      Бир гана сайт ачаардын алдында, силер да жакшылап ойлонуп көрсөңөр, сайтты такай жаңылап турганга мүкүнчүлүгүңөр, убакытыңар барбы? Болбосо, көп гезиттер сайттарын жасатып алып, аны таштап койгондору мени өкүндүрөт. Биринчиден, гезиттердин интернет менен иштөөгө дагы да жакшы көңүл бурбай жатканы. Экинчиден, андай сайттар — адам жашабай калган, ташталган «өлүк үйлөргө» окшоп биздин сайтта жаман көрүнгөнү.

  5. Саламатсызбы сиздер жардам беребиз деген сайттан акча иштесе да болобу андай сайтты ким ачтырса болот тушкон акчаны банк аркылуу ала турган болушу керекда

    • Салам алейкум.

      Бизде блог ачууга мүмкүнчүлүк берип жатып ар-бир адам, биринчи кезекте кесиптештерибиз, ой-толгоолору менен бөлүшө алсын, пикирлештерди таба алсын деген ойдо элек. Эгер ушунун негизинде акча да табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калса каршы болбойбуз. Минтип айтканым, айрым популярдуу блогчулардын блогдорунда жарнамалык баннерди, шилтемелерди жайгаштырууга коммерциялык компаниялар кызыкдар болушат. Бирок бизде чылкый жарнамалык блогду ачууга каршыбыз. Биздеги чакан сандагы эрежелерибиздин биринде даана жазылып турат: «4. Рекламалык, антирекламалык же коммерциялык маанайдагы маалыматтарды коюуга, спамды таратууга, кайсы бир сайтка элдин көп кирүүсүнө көмөк кылган шилтемелерди жайгаштырууга» тыюу салынат.
      Сайттын жардамы менен киреше табуу жагынан мен чоң адис эмесмин. Ошондуктан көп пайдалуу нерсе айтып бере албастырмын. Билгеним боюнча айтсам, акча төлөө/алуунун (которуунун) көп кызматтары колдонулат: Яндекс деньги, вебмани ж.б.д.у.с. Ыңгайлуусун тандап алышыңар керек.

  6. Саламатсызбы! Сиздердин сайт жана блок ачуу жөнүндө акысыз окутуу курстары бардыгы мени аябай кубандырды. Эгер мумкун болсо, Бишкекте боло турган тренингдерге катышайын дегем. Алдын ала жарыялап койсонор. ЧООН РАХМАТ!

    • Салам.
      Алгач, силердин өтүнүчүңөргө окшош кат менен кайрылган Нурикке жазган жообумду окуп көрсөңүз.
      Анан сүйлөшөлү. 🙂
      Менин телефонум 0772 55-10-83.

    • Мен мурда жаздым эле, дагы бир жолу кайталап коёюн. Сайтты ачуунун толтура жолдору бар. Негизгиси экөө: акылуу жана акысыз.

      Акылуу жолу менен силер сайтыңарды каалаганыңардай кылып жасата аласыңар. Анын жасалгаланышы, мүмкүнчүлүктөрү чөнтөгүңөрдүн калындыгына жараша. Бери дегенде 200 доллардан кем эмес болушу керек.

      Акысыз жол менен жасалган сайттарда мүмкүчүлүктөрү жана жасалгасы боюнча айрым чектөөлөр бар. Бирок, иш көрсөткөндөй, мындай жол менен ачылган сайттар да кызыктуу болуп, көп окурмандарды тарта алат. Ошол эле KLOOPто ачылган сайттарды карап көргүлө.

      Ошондой эле, сайтты акысыз ачууга мүмкүн болгон башка толтура сайттар да бар. Андай орус тилиндеги белгилүү сайттардан мисалы, http://www.setup.ru/, http://www.ucoz.ru/.

      KLOOP сайты WordPress системасынын негизинде иштейт. Бул менин блогум ачылган Journalist.kg сайты да ушул системада. Бирок биздин арткычылыгыбыз — бул системада иштөө боюнча биз кыргыз тилинде сабактарыбыз бар. Бир аз акыга сизге керек болгон сайтты жасап бергенге жардам бере алабыз.

      Өзүңөр чечкиле. 🙂

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *