Кыргызстандагы эң чоң он-лайн сөздүк

«Биздин Мурас» коомдук фондусунун билдирүүсүнө караганда, учурда Кыргызстандагы эң ири он-лайн сөздүк болуп көп багыттуу «Эл сөздүк» эсептелет. Анын жардамы менен кыргыз тилинен орус, англис, түрк тилдерине жана бул тилдерден кыргыз тилине түз которсо болот. Белгилеп кетүүчу жагдай, которууга мүмкүн тилдердин катарына француз тили да киргизилген экен. Бирок ал тил менен кыргыз тилдин ортосундагы байланыштар аныкталбаган окшойт, кыргыз тилинен бул тилге, же ал тилден кыргыз тилине которуу азырынча мүмкүн эмес.

Толугу менен

Кыргыз тили Интернетте

Жакында Алматыда Интернет боюнча Борбор Азиялык чоң конференция болот. Мен анда «Кыргыз тилиндеги контентти Интернетте өстүрүү боюнча кызыктуу долбоорлор» аталыштагы доклад жасамакчымын.

Андай долбоорлор катары төмөнкү сайттарга токтоло кетсемби деген ойдомун:

Толугу менен

Материалды сайтка жайгаштырганга чейин текстти иштеп чыгуу тууралуу

http://journalist.kg/ сайтындагы блогдордогу макалалар менен таанышып жатып, айрым блогчуларыбыз материалды интернетке туура жайгаштыруудагы жөнөкөй нерселерди жакшы билбестигин байкадым. Ошондуктан материалды блогго туура жайгаштыруу боюнча сабактарды сунуштайын деп чечтим. Аталган нерселер Вордпрессте иштөө боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы сабактардан. Айрым кемчиликтер болушу мүмкүн. Пикириңерди күтөм. Биринчи сабагымдын аталышы:

Материалды сайтка жайгаштырганга чейин текстти иштеп чыгуу

Толугу менен

«Вечерний Бишкектин» «Кабар ордосу». Дагы бир жакшы кыргызча сайт.

Орус тилдүү «Вечерний Бишкек» гезити сайтында жайгашып келген кыргыз тилиндеги «Кабар ордо» жаңылыктар түрмөгүн өз алдынча сайтка айландырды. Учурда кыргыз тилин мамлекеттик тилге тийиштүү колдонуу деңгээлине жеткирүүнүн айланасында аркы-берки сөздөр болуп жатканда, орус тилдүү гезиттин бул кадамы — жакшы жышаан. Башкаларга өрнөк болгудай.

Толугу менен

Сайттын күзгүсү. Ал эмне үчүн керек?

Күзгү сайт деп негизги сайттын мазмуну кайталанып жайгаштырылып турган веб-булак аталат. Негизинен мындай сайт башка блогдук платформада же башка домендик чөлкөмдө ачылат.

Күзгү сайтты ачуунун кандай зарылчылыгы бар?

Биринчиден, бул сиздин негизги сайтта кандайдыр бир маселе чыкса сиздин материалдар дайынсыз жоголуп кетпейт. Алар күзгү блогуңарда сакталып калган. Бул хакердик чабуул, хостингдеги маселелер, блокировка ж.б.д.у.с. нерселер. Интернетте, тилекке каршы, мындай маселелер маал-маалы менен болуп турат. Менде да андай нерсе болуп, күзгү блогум көп материалдарды калыбына келтирүүгө жардам берген. Бул тууралуу блогумда жазган болчумун.

Толугу менен

«Көк асаба» гезитинин сайты

http://journalist.kg/ сайтында «Көк асаба» гезитинин блогу ачылды. Сырткы жасалгасы жасалып, алгачкы материалдар да жайгаштырылды. Менимче, жаман эмес блог болду! Кооз да, жеңил да, маалыматтуу да. Бул теманын өзгөчөлүгү — мобилдик интернетке да ыңгайлаштырылганы.

Киргиле, баалагыла!

Дагы ким бизде ушуга окшош сайттарын ачкысы келсе, кайрылгыла. Жардам беребиз. Шарттарыбыз бул жерде.

Жаңы темалар

Өзүңөр байкагандай менин блогумдун сырткы көрүнүшү өзгөрдү. Аны менен катар сайттагы керектүү материалдарды табуу боюнча дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Мисалы, эми блогумдан  бир тилдеги гана материалдарды тандап алса болот (блогдун сол өйдө жагында). Бул http://journalist.kg сайтыбызга кошулган  жаңы 3 темага байланыштуу.

Булар өтө ийкемдүү темалардан болгондуктан, бир эле теманы колдонуу менен бир-бирине окшош эмес ар-түрдүү сайттарды жасаса болот. Бул өзгөчө бизде сайттарын ачкысы келген ЖМКларга кызыктуу болот го деген ойдомун.

Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору (2)

(Уландысы. Башы)

Кыргыз тилдүү Интернеттин өнүгүүсүнө жолтоо болгон нерселер

Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши

Элдин Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү али да чектелүү болууда. Аны шарттаган нерселердин бири – Интернет түйүнүнүн Кыргызстандын баардык аймактарына жакшы жете электигинде. Ал негизинен аймактагы шаарларга чейин гана жетип, айыл жергесинде жашагандар үчүн Интернет баягы эле “уккам, көргөм, бирок кармай элекмин” сыяктуу нерсе бойдон калууда. «Promotank HQA» компаниясы 2009-жылы жүргүзгөн изилдөөсү боюнча интернет-колдонуучулардын 77% Бишкектин тургундары. Ал эми кыргыз тилдүү калктын басымдуу бөлүгү так ошол аймактарда жашайт эмеспи. Аны менен катар борбор калаадан сырткаркы жерлердеги Интернеттин ылдамдыгы да, көбүнесе, өтө начар. Кайсы бир сайтка кирүү, почтаңды ачып каттар менен таанышуу – машакаттуу иш.

Толугу менен

Сайт Бишкекского дома-интерната для престарелых

Для Бишкеского дома-интерната для престарелых мы создали сайт. На нем можно будет получить информацию о доме-интернате, его подопечных, сотрудниках, жизни дома и т.д. Много фотографий и графики. Но, как говорится, лучше один раз увидеть, чем сто раз услышать, заходите сами и оценивайте — http://domstar.journalist.kg.

 

Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору (1)

Аталган макаланын өзөгүн Алматыда 2011-жылы өткөн конференцияда  окулган доклад түздү. Ушуга байланыштуу айрым маалыматтар эскирип калышы мүмкүн. Бирок жалпысынан, макаладагы айтылган нерселер кыргыз тилдүү интернетке али да мүнөздүү көрүнүш.

Бир аз тарыхка кайрылуу

Кыргызстанда алгачкы компьютердик тармак (сеть) 1991-жылы уюштурулган болчу. Ал Алматыдагы RICC түйүнү аркылуу 20 абонентти тейлей алган. 1992-жылы майда RELKOM тармагынын түйүнү катары “ИМФИКО” фирмасы иштей баштаган. 1994-жылы учурдагы ири интернет-провайдерлердин катарына кирген «Элкат» менен «Азия Инфо» компаниялары негизделген. Ал эми 2009-жылы Кыргызстандагы интернет-провайдерлердин саны 40ка жеткен.

Толугу менен