Сайттын күзгүсү. Ал эмне үчүн керек?

Күзгү сайт деп негизги сайттын мазмуну кайталанып жайгаштырылып турган веб-булак аталат. Негизинен мындай сайт башка блогдук платформада же башка домендик чөлкөмдө ачылат.

Күзгү сайтты ачуунун кандай зарылчылыгы бар?

Биринчиден, бул сиздин негизги сайтта кандайдыр бир маселе чыкса сиздин материалдар дайынсыз жоголуп кетпейт. Алар күзгү блогуңарда сакталып калган. Бул хакердик чабуул, хостингдеги маселелер, блокировка ж.б.д.у.с. нерселер. Интернетте, тилекке каршы, мындай маселелер маал-маалы менен болуп турат. Менде да андай нерсе болуп, күзгү блогум көп материалдарды калыбына келтирүүгө жардам берген. Бул тууралуу блогумда жазган болчумун.

Толугу менен

Блогумдун күзгүсү жана анын пайдасы

Бүгүн wordpress.com блогдор порталынын ачылганын көрүп сүйүнүп кеттим. Бул жакта «Кыргыз маданият борбору» блогумдун күзгүсү бар эле. Аны жаңылып туруу, аз болсо да, убакытымды алат эле. Бирок анын акыбетин жакында көрдүм. КЛООП порталына жайында хакердик чабуул жасалып, бул порталдагы бардык блогдордун бир нече ай аралыгындагы материалдары жоголуп кеткен эле. Порталдын балдары бул жоголгон материалдарды таап, толуктаганга аракет кылышканы менен, айрым материалдар туура эмес ачылып, же такыр ачылбай калган. Мендеги ошондой материалдарын көбүн күзгү блогумда сакталган материалдар менен толуктаган элем.

Толугу менен