Кыргызча сайттар каталогуна 1 жыл!

1jyl

Бүгүн ucoz.ruдагы «Кыргызча сайттар каталогу» 1 жашка чыкты!

Кыргызча сайттардын топтомун түзүү максатында ачылган сайтта бүгүн 556 сайт катталган. Алардын 512си кыргыз тилинде «сүйлөгөндөр».

Толугу менен

uCoz сайтындагы Кыргызча сайттар каталогунун түзүлүшү

katalog1

Учурда uCoz сайтында жакында мен ачкан «Кыргызча сайттар каталогуна» бул блогдогу сайттар тууралуу маалыматтарды көчүрө баштадым. 60тан ашык сайт тууралуу маалыматтар такталып киргизилип калды.

Толугу менен

Кыргызча сөздүктөр

glosbe

Кыргыз тилин өнүктүргүсү келгендерге интернетте жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Glosbe сайтында дүйнө жүзүндөгү 2149!!! тилдер үчүн жуп тилдүү сөздүктөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Кыргыз — Serbian, же Keiga — Кыргыз сөздүгүн.

Толугу менен

Кыргызча сайттарды издөө

Блогумдагы эң окумал баракча болуп Кыргызча сайттар эсептелет. Блогума киргендердин 2/3 бөлүгү так ушул баракчага кирет экен. Бир кезде баштаган ишим башкаларга керек болуп жатканына кубанып турам. Бирок канчалык аракеттенбейин, мен билбеген кыргызча сайттар али да көп экенине бир канча жолу ынандым. Мен балким, алардын 1/5 гана болүгүн камтысам керек.

Толугу менен

Кыргызстандагы эң чоң он-лайн сөздүк

«Биздин Мурас» коомдук фондусунун билдирүүсүнө караганда, учурда Кыргызстандагы эң ири он-лайн сөздүк болуп көп багыттуу «Эл сөздүк» эсептелет. Анын жардамы менен кыргыз тилинен орус, англис, түрк тилдерине жана бул тилдерден кыргыз тилине түз которсо болот. Белгилеп кетүүчу жагдай, которууга мүмкүн тилдердин катарына француз тили да киргизилген экен. Бирок ал тил менен кыргыз тилдин ортосундагы байланыштар аныкталбаган окшойт, кыргыз тилинен бул тилге, же ал тилден кыргыз тилине которуу азырынча мүмкүн эмес.

Толугу менен

Кыргыз тили Интернетте

Жакында Алматыда Интернет боюнча Борбор Азиялык чоң конференция болот. Мен анда «Кыргыз тилиндеги контентти Интернетте өстүрүү боюнча кызыктуу долбоорлор» аталыштагы доклад жасамакчымын.

Андай долбоорлор катары төмөнкү сайттарга токтоло кетсемби деген ойдомун:

Толугу менен

«Вечерний Бишкектин» «Кабар ордосу». Дагы бир жакшы кыргызча сайт.

Орус тилдүү «Вечерний Бишкек» гезити сайтында жайгашып келген кыргыз тилиндеги «Кабар ордо» жаңылыктар түрмөгүн өз алдынча сайтка айландырды. Учурда кыргыз тилин мамлекеттик тилге тийиштүү колдонуу деңгээлине жеткирүүнүн айланасында аркы-берки сөздөр болуп жатканда, орус тилдүү гезиттин бул кадамы — жакшы жышаан. Башкаларга өрнөк болгудай.

Толугу менен

Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору (2)

(Уландысы. Башы)

Кыргыз тилдүү Интернеттин өнүгүүсүнө жолтоо болгон нерселер

Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши

Элдин Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү али да чектелүү болууда. Аны шарттаган нерселердин бири – Интернет түйүнүнүн Кыргызстандын баардык аймактарына жакшы жете электигинде. Ал негизинен аймактагы шаарларга чейин гана жетип, айыл жергесинде жашагандар үчүн Интернет баягы эле “уккам, көргөм, бирок кармай элекмин” сыяктуу нерсе бойдон калууда. «Promotank HQA» компаниясы 2009-жылы жүргүзгөн изилдөөсү боюнча интернет-колдонуучулардын 77% Бишкектин тургундары. Ал эми кыргыз тилдүү калктын басымдуу бөлүгү так ошол аймактарда жашайт эмеспи. Аны менен катар борбор калаадан сырткаркы жерлердеги Интернеттин ылдамдыгы да, көбүнесе, өтө начар. Кайсы бир сайтка кирүү, почтаңды ачып каттар менен таанышуу – машакаттуу иш.

Толугу менен

WordPressтин кыргызча версиясын активдештирүү

http://journalist.kg сайтында ачылган блогдорду толугу менен “кыргызча сүйлөтүүгө” мүмкүнчүлүк түзүлгөн. “Кыргызча сүйлөтүү” дегеним блогдогу негизги нерселер: админ бет, макала жайгашкандагы айдын аталышы ж.б.д.у.с толгон нерселер кыргызча болот. Бардыгы 100%га толугу менен кыргызча болот деген алыспыз. Ага жетиш үчүн дагы толтура иш кылыш керек. Белгилей кетсек, WordPress ал эмес орус тилине толук которулуп бүтө элек.

Толугу менен

journalist.kg сайтындагы жаңы рубрика жана блогдор тууралуу

http://journalist.kg сайтында “Блогдордогу кызыктуу макалалар” деген жаңы рубрика ачылды. Анда бул сайтта ачылган блогдордо жарыяланган айрым кызыктуу материалдар жайгаштырылып турат. Бул окурмандарды кызыктуу материалдар менен гана тааныштырбастан, блогдун окурмандарынын санын да өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет деген ойдобуз.

Толугу менен