WordPress кыргызча сүйлөй баштады

Көптөн бери күткөн окуя болду. WordPress кыргызча сүйлөй баштады.

Толугу менен

Манасты унуткан Тазбайматка окшоп…

Бул блогумда кыргыз тилдүү сайттарлын тизмегин түзүп, аны жаңы тапкандарым менен толуктап келатам. Бүгүн да эки жаңы сайтты киргизип жатып, бул тизмектин ичинен биздин уюм өзү ачып иштетип жаткан «Дем» деген сайтыбыз жок экенин байкадым. Ага кошо уюмубуздун сайтында ачылган бир топ кызыктуу кыргыз тилиндеги блогдорубуз да (Кыргыз көчү, Жаназык, Кызгалдак ж.б.) жок экен. Кудум эле Манасты унуткан Тазбайматка окшопмун 🙂

Толугу менен

Кытайлык кыргыздардын сайттары

Кытайлык кыргыз жигити Ташкын кытайлык кыргыздардын сайттарынын тизмегин жибериптир. Аларды Кыргызча сайттар барагына кошуп койдум.

Толугу менен

171

Блогубуздун «Кыргызча сайттар» барагындагы кыргыз тилдүү веб-булактардын саны 171ке жетти!

«Одноклассники» кыргызча сүйлөй баштайбы?

Кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасындагы эң таанымал социалдык тармак — «Одноклассники» кыргызча да сүйлөй баштайт окшойт.

Толугу менен

Кыргызча сайттар баракчасы толукталды

«Кыргызча сайттар» баракчасы дагы он чакты кыргызча «сүйлөгөн» сайттарга шилтемелер менен толукталды. Ким дагы башка сайттарды билсе, бөлүшкүлө!

Менин хоббим

 

Ар-бир адамдын иштен сырткаркы кызыгуусу, хоббиси болот окшойт. Меники — кагаздан учактарды жасоо. Бул балалык кезимде учкуч-космонавт, авиаконструктор болом деген кыялымдын ишке ашпай калганынан болушу керек. 🙂

Толугу менен

Блогду кантип кыргызчаласа болот?

Айрым жеке демилгелер болуп жатканы менен WordPressтин кыргызчасы азырынча жок. Ушуга байланыштуу аны өзүбүз кыргызчалаштырышыбыз керек. Бул толугу менен болбойт дечи, бирок көзгө урунган негизги нерселерди кыргызча “сүйлөттүрсөк” болот.

Толугу менен