Блогдогу өзгөрүү

kgkatalog

Блогумдагы «Кыргызча сайттар» баракчасы блогдогу эң окумал баракча экенин сатистикалык маалыматтар көрсөтүп жатат. Бирок буга карабай аны жабууга бардым. Анткени сайттардын топтомун чыныгы каталогго окшоштуруу максатында мындан бир жыл мурун атайы сайт — «Кыргызча сайттар каталогун» ачкан элем.

Ал сайтта кыргыз тилдүү сайттар тууралуу маалыматтар бул жерге караганда кененирээк жана ырааттуураак берилген. Ошондой эле окурман үчүн пайдалуу кошумча көп мүмкүнчүлүктөр каралган. Август башына ал жерде 600гө жакын сайт тууралуу маалыматтар бар!

uCoz ду өздөштүрүүгө үчүнчү аракетим

ucoz

Интернетте блогду же сайтты бекер ачууга мүмкүнчүлүк берген толтура кызматтар бар. Алардын арасынан белгилүүлөрүнүн бири uCoz сайттардын конструктор кызматы.

Бир кезде бул жерде сайттарымды ачууга 2 жолу аракет кылдым эле. Бирок экөө тең ийгиликсиз болду. Анткени uCozдо жакшы сайт ачып, аны жаңылап туруш үчүн HTML тилинин негиздерин билиш керек болчу.

Толугу менен