Түгөлбай Казаков — 2013-жылдын мыкты журналисти

t_kazakovКечээ, 9-декабрда, кыргыздын белгилүү журналисти, жаңы эгемен кыргыз журналистикасынын башатында турган Мелис Эшимкановдун туулган күнүнө карата анын атындагы Фонд жылдын Мыкты журналистинин атын атады. Бул наам Түгөлбай Казаковго берилди!

Эсенбай Нурушев агайыбыз айткандай, «Түгөлбай Казаков башынан эле журналистикага жаралган адам. Ортодо адашып музыка дүйнөсүнө кирип кетти эле, бирок баары бир журналисткага кайтып келди», — деп. Эрге алтымыш өнөр аздык кылат деген сыңары, Түгөлбай байке бардык жерде өз талантын көрсөтө алды. Музыка ааламында кыргыздын эсинде дайым сакталып калаар шедевр чыгармаларды жаратты. Журналистикада да эч кимге окшобогон өз жолу бар, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө зор салым сала алды жана да салып келет. Сыйлыгыңар кут болсун, агай!!!

Толугу менен

Мелис Эшимканов сыйлыгына Алым Токтомушев татыды

9-декабрда Мелис Эшимкановдун 50 жылдык мааракеси Улуттук филармонияда белгиленип, чыгаан журналист, белгилүү саясатчынын атындагы сыйлыктын алгачкы ээсинин аты аталды. Калыстар тобу 2012-жылдын мыкты журналисти деп Алым Токтомушевди тааныды. Ага атайын төш белги тагылып, 100 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

Алым Токтомушев агайды бул сыйлык менен куттуктайбыз!!!

Алым агай курч аналитикалык макалалардын гана автору эмес, ал эч кимге окшобогон өзүнүн үнү бар, чоң Акын да болуп эсептелет. Агайдын ырлары менен бул жерден таанышсаңар болот.

Кеченин өтүшү тууралуу толук маалыматты бул жерден алсаңар болот.

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фондунун кайрылуусу


Урматтуу кесиптештер!

2012-жылдын 9-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкө журналистикасынын бүгүнкү абалына арналган конференция өтөт. Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд бардык маалымат каражаттарынын жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн маалыматтык мейкиндиктеги көйгөйлөрдү талкуулоого жана жол издөөгө чакырабыз.

Толугу менен