Блог ачууну үйрөнгүсү келгендерге

Блог алып баруу боюнча сабактарым менен таанышкандар Блогду алып баруу боюнча практикалык сабактар уюштурулса жакшы болот эле деп суранышгкан эле. Убакыттын тардыгына карабай, чыгынып, мындай сабактарды өткөрүүнү чечтим. Анда эмне үйрөтүлөт, бул тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алаласыздар.

Толугу менен

Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар

Журналисттик кесип такай жаңы нерсеге үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлин жогорулатып турууну талап кылат. Кеминде дегенде журналист катары өскүсү келгендерге. Бирок Кыргызстанда бул жааттагы окутуулар башаламан өткөрүлүп жаткандай мамиле калтырат. Буга ар кайсы уюмдар мезгил талабы боюнча өз түшүнүгүнө, тапкан донордук каражаттарына жараша окутууларды уюштуруп жатканына байланыштуу. Кээ бирде эки башка уюм бир учурда окшош окутууларды өткөрүп калганы кездешет. Ар кайсы окутуулар ар башка жерлерде уюштурулуп турганы да журналисттерди алагды кылат.

Толугу менен