Жакында белгилүү кыргыз котормочусу Кубанычбек Басылбеков агай аты ааламга таанымал болгон перс акыны Омар Хайямдын рубаилерин чакан китеп кылып чыгарыптыр. «Чөнтөккө салып, өзүң менен алып жүргөнгө ыңгайлуу болсун деп», — дейт Кубанычбек агай.
Омар Хайямдын рубаилери бул жашоонун кайгы-капасын жеңүүгө жардам бере алган жаназык дары боло аларын жакшы билебиз. Аны адам дайыма жанында алып жүргүсү келет.