Блогго видеону жайгаштыруу

Видеонун артыкчылыктары

Видеону блогго жайгаштыруу менен блогдун мазмунун окурмандар үчүн кызыктуурак кылса болот.

Андан сырткары, адистердин айтымында, блогуңардагы видео:

— блогуңарга кирген адамдардын санын өстүрөт, анткени адамдардын көбүнө текстти окугандан көрө видеону көргөн кызыктуурак;

— блогуңуздун коногу маалыматты көзү менен көрүп, кулагы менен да угуп кабылдайт. Мындайда маалымат жеңил кабылданып, эсте жакшы сакталып калат;

— издөө кызматтары видео боюнча да издейт, демек кошумча аудиторияны табууга да өбөлгө түзөт.

Толугу менен

Блог тууралуу катка жооп

journalist.kg сайтындагы блогерлерибиздин бири бизге төмөнкү мазмундагы кат жөнөтүптүр:

Сиздерге менден өтүнүч жана сунуштар бар:

1. Эгер мүмкүн болсо башка темаларды да кошуп коесуздарбы. Чыгармачыл адам бир орунга тургусу келбейт экен.

2. Башка коомдук желелерге бөлүшүү плагинин да өзгөртсөңүздөр сонун болмок. Мисалга, Клооптуку сыяктуу, Биз дагы Клооптон кем калбай, алар менен тең тайлашып journalist.kg сайтын башкаларга атаандаштык жаратуучу кылышыбыз керек.

3. Видеолорду жайгаштуруу плагинин орнотуп койсоңуздар.

Көч бара бар оңолот дейт. Баардыгы эле бир убакытта чечилбейт, эгер аркы берки жагынан көйгөйлөр болсо түшүнүү менен кабыл алам.

Мындай катты алганда ким гана болбосун сүйүнөт болушу керек. Биз да кубанып турабыз. Демек тилегибиз бир болуп, сайттын келечеги үчүн күйүп, аны жакшыртууга колунан келген көмөгүн көрсөтө тургандар да бар экен.

Толугу менен