Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар

Журналисттик кесип такай жаңы нерсеге үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлин жогорулатып турууну талап кылат. Кеминде дегенде журналист катары өскүсү келгендерге. Бирок Кыргызстанда бул жааттагы окутуулар башаламан өткөрүлүп жаткандай мамиле калтырат. Буга ар кайсы уюмдар мезгил талабы боюнча өз түшүнүгүнө, тапкан донордук каражаттарына жараша окутууларды уюштуруп жатканына байланыштуу. Кээ бирде эки башка уюм бир учурда окшош окутууларды өткөрүп калганы кездешет. Ар кайсы окутуулар ар башка жерлерде уюштурулуп турганы да журналисттерди алагды кылат.

Толугу менен

«Одноклассники» кыргызча сүйлөй баштайбы?

Кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасындагы эң таанымал социалдык тармак — «Одноклассники» кыргызча да сүйлөй баштайт окшойт.

Толугу менен

Маалыматтык радиодо иштегиси келгендерге кастинг

«Марал» радиосунда маалымат бөлүмүндө иштөөнү каалаган журналисттер үчүн кастинг (кароо-сынак) жарыяланат!

Кастинг 31-июль, саат 12:30да төмөнкү дарек боюнча өтөт: Фрунзе көч. 387, 3-кабат (Карпинка көчөсү менен кесилишет). Байланыш телефону: 0771 41 60 91

Резюмеңерди ала келгиле!

Бизде блог ачкыла!

Мен сиздерди биздин www.journalist.kg сайтыбызда өз блогүңарды ачканга чакырам. Блог ачуу менен журналистикага, коомго байланыштуу айрым маселелер боюнча пикириңер менен бөлүшүп, башкалардын пикирин уга аласыздар. Ошондой эле ЖМКга расмий түрдө жарыялоого мүмкүн болбой калган материалдарыңар менен, айтылбай калган ойлоруңар менен бөлүшсөңөр болот. Блогду өз эмгектериңердин (макала, фото) портфолиасы (альбом, топтом) катары колдонсоңар да мүмкүн. Муну менен материалыңар менен тааныша турган адамдардын, болгондо да кесипкөй адамдардын санын арттыра аласыздар.

Толугу менен