Интернетте блогду же сайтты бекер ачууга мүмкүнчүлүк берген толтура кызматтар бар. Алардын арасынан белгилүүлөрүнүн бири uCoz сайттардын конструктор кызматы.
Бир кезде бул жерде сайттарымды ачууга 2 жолу аракет кылдым эле. Бирок экөө тең ийгиликсиз болду. Анткени uCozдо жакшы сайт ачып, аны жаңылап туруш үчүн HTML тилинин негиздерин билиш керек болчу.