Monthly Archives: Декабрь 2013
Ильянын сабап кетишиптир…
Илья Лукашевду сабап кетишиптир. Кечээ кечинде. Саат 10дордо. “Үйгө 150 метрдей эле калган болчу”, – дейт Илья. Анын айтымында, сабагандар үчөө экен.
Сайттуу болгон ЖМКлар
Кудай буюрса, “ЖМК колдоо борбору” коомдук фондусу колдоо көрсөткөн “Сайты жок ЖМКларга сайт ачып берүү” аталышындагы биргелешкен долбоорубуз аягына чыгып калды. Анын максаты – сайтты ачканга кызыкдар болуп, бирок аны ачыш үчүн акча таба албай жаткан ЖМКларга сайтты бекер ачып берүү эле.
Суук кабар
Иш деп жүрүп бул кабарды укпай калыптырмын. Бүгүн кокустан гана угуп калдым. 16-декабрда белгилүү кыргыз журналисти, “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору Талант Моңолбаев дүйнө менен коштошуптур. 52 жашында…
Не дээрди да билбейсиң. Кечээ эле, гезитинин сайты, өзүнүн жеке сайты да тууралуу сүйлөшүп, көп нерселерди пландаштырдык элек…
Топурагы торко, жаткан жери жайлуу болсун.
Түгөлбай Казаков – 2013-жылдын мыкты журналисти
Кечээ, 9-декабрда, кыргыздын белгилүү журналисти, жаңы эгемен кыргыз журналистикасынын башатында турган Мелис Эшимкановдун туулган күнүнө карата анын атындагы Фонд жылдын Мыкты журналистинин атын атады. Бул наам Түгөлбай Казаковго берилди!
Эсенбай Нурушев агайыбыз айткандай, “Түгөлбай Казаков башынан эле журналистикага жаралган адам. Ортодо адашып музыка дүйнөсүнө кирип кетти эле, бирок баары бир журналисткага кайтып келди”, – деп. Эрге алтымыш өнөр аздык кылат деген сыңары, Түгөлбай байке бардык жерде өз талантын көрсөтө алды. Музыка ааламында кыргыздын эсинде дайым сакталып калаар шедевр чыгармаларды жаратты. Журналистикада да эч кимге окшобогон өз жолу бар, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө зор салым сала алды жана да салып келет. Сыйлыгыңар кут болсун, агай!!!
Белгилүү кыргыз журналисти жардамга муктаж
Кыргыз журналистикасында көп жылдан бери эмгектенип келген, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, кезинде «Аалам», «Агым», «Назар», «Айгай» гезиттерин жетектеген кесиптешибиз журналист Кенжебек Арыкбаев учурда альвеококк эктомии жана гепатит «С» дартына байланыштуу жардамга муктаж болууда.