“Кыргыз маданият борбору” – алгачкы блогдорумдун бири эле. Аны иштетип жатып блог менен иштөөнүн сырларын да үйрөндүм. Учурда бул блогум Kloop порталындагы эң окумал блогдордун катарына кирет. Аны менен кошо билимим да өстү. Убакыт өткөн сайын блогдогу көп кемчиликтер да байкала баштады. Бирок аны өзгөртүүгө даабай жүрдүм эле. Ар-бир иштин бүтөөр өз маалы бар дегендей, бүгүн ал маал келген окшойт.
Tag Archives: Кыргыз маданият борбору
“Борбордун” көңүл борборунда – маданият, адабият, тарых, салт-санаа…
Мен алып барган “Кыргызстан маданият борбору” блогу тууралуу “Кыргыз туусуна” берген интервьюм.
Блог менен блог атаандашканда
www.journalist.kg сайтыбызда блогду ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндөн баштап бул жакта ачкан блогума көбүрөөк убакыт бөлүп, 3 жылдан бери алып келе жаткан башка блогум – “Кыргыз маданият борбору” унутта калгандай. Бул дароо ага киргендердин санына терс таасирин тийгизди. Кечээ алардын саны 100дөн да ашпаптыр 🙁 Мындай шумдук элдин көбү Интернетти таштап (же ага жете албай), эс алып жаткан дем алыш күндөрү гана байкалчу эле.