Мындан эки жыл мурун “Сорос-Кыргызстандын” жардам менен “Дем” сайтын жасаттык элек. Негизги максатыбыз – сайты жок ЖМКларга материалдарын интернетке жайгаштыруу менен жаңы окурмандарды табууга жардам берүү болчу. Бүгүн бул сайт дагы бир жасалгаланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат.
Tag Archives: ЖМК
Салттуу ЖМКлар үчүн сайтка киргендердин санын өстүрүү боюнча тренинг өткөрүлөт

Эгерде сиздин жалпыга маалымдоо каражатыңыздын (гезит, теле, радио) сайты бар болсо. Бирок ага киргендердин саны өтө эле аз болуп жатса. Сайтыңызга адамдар бир кыйла көп кирип, материалдарыңыз менен кененирээк таанышып, пикирлерин билдирип турушун кааласаңыз, же болбосо, замандын талабы эмеспи деп сайт ачып алып, бирок аны кантип иштетүүнү, ЖМК менен сайт бирдиктүү организмдей иштеши үчүн эмне кылуу керектигин билбей турасыз.
Сайттуу болгон ЖМКлар
Кудай буюрса, “ЖМК колдоо борбору” коомдук фондусу колдоо көрсөткөн “Сайты жок ЖМКларга сайт ачып берүү” аталышындагы биргелешкен долбоорубуз аягына чыгып калды. Анын максаты – сайтты ачканга кызыкдар болуп, бирок аны ачыш үчүн акча таба албай жаткан ЖМКларга сайтты бекер ачып берүү эле.
Сайты жок ЖМКларга сайт ачып беребиз
Учурда “Журналисттер” коомдук бирикмеси “ЖМКларга колдоо көрсөтүү” коомдук фондусу менен биргеликте Кыргызстандык ЖМКлардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында сайты жок ЖМКларга сайт ачып берип, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча окутууларды жүргүзүүдө.
Каалоо билдирген ЖМКларга алардын сайты бекер жасалып берилип, кызматкерлери сайт жана социалдык тармактар менен иштөө жолдоруна үйрөтүлөт.
Мындай окутуулар Ош жана Каракол шаарларында өткөрүлүп бир катар ЖМКлардын сайттары учурда жасалып жатат.
“Көк асаба” гезитинин сайты
http://journalist.kg/ сайтында “Көк асаба” гезитинин блогу ачылды. Сырткы жасалгасы жасалып, алгачкы материалдар да жайгаштырылды. Менимче, жаман эмес блог болду! Кооз да, жеңил да, маалыматтуу да. Бул теманын өзгөчөлүгү – мобилдик интернетке да ыңгайлаштырылганы.
Киргиле, баалагыла!
Дагы ким бизде ушуга окшош сайттарын ачкысы келсе, кайрылгыла. Жардам беребиз. Шарттарыбыз бул жерде.
Жаңы темалар
Өзүңөр байкагандай менин блогумдун сырткы көрүнүшү өзгөрдү. Аны менен катар сайттагы керектүү материалдарды табуу боюнча дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Мисалы, эми блогумдан бир тилдеги гана материалдарды тандап алса болот (блогдун сол өйдө жагында). Бул http://journalist.kg сайтыбызга кошулган жаңы 3 темага байланыштуу.
Булар өтө ийкемдүү темалардан болгондуктан, бир эле теманы колдонуу менен бир-бирине окшош эмес ар-түрдүү сайттарды жасаса болот. Бул өзгөчө бизде сайттарын ачкысы келген ЖМКларга кызыктуу болот го деген ойдомун.
Гезитиңердин сайты жокпу? Жардам беребиз!
Учурда гезиттин сайты болбосо, аны замандан артта калган басылма катары кабылдашат. Бул түшүнүктүү. Интернет кошумча окурмандарды табууга, окурмандары менен тыгыз, заманбап байланышты түзүүгө жардам берет. Кыргыз тилдүү гезиттер да акыркы кезде Интернетте өз сайтын ачууга аракет кыла башташты. Ал эмес алыскы аймактык басылмалар.
“Дем” дем ала баштады
Көптөн бери күткөн күнүбүз да келди. “Дем” сайты тесттик режимде иштей баштады. Алгачкы ЖМКлар өз материалдарын жайгаштыра башташты.
ЖМКлар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы
Cүрөттүн автору Азамат Кыязов
Жыл өткөн сайын ЖМКлар менен күрөшүүнүн ыкмалары да уламдан улам жаңырууда. Азыр журналистти коркутуп, үркүтүп, уруп, сабабай эле, ЖМК менен соттошпой эле, алардын ишинин натыйжалуулугун жокко чыгаруунун дагы бир жолун табышкансыйт.
ММКбы же ЖМКбы? Кайсынысы туура?
Гезит, теле-, радиолорду биз адатыбызча ММК деп келебиз. Ал Массалык Маалымат Каражаттары дегендин кыскартылып айтылганы. Бул орусча СМИ же Средство Массовой Информации дегендин эле сөзмө сөз, калька котормосу. Бирок Массалык Маалымат Каражаттары деген сөз айкашын колдонгонго көнүп калганыбыз менен мага ал, негедир, кыргызча “угулбагансыйт”. “Массалык маалымат” дегенди элестетүү мага дайыма оорчулукту түзөт.